Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Мекеге барган кыргыз атуулдары аман-эсен


БИШКЕК. Мекеге ажыга баргандар шайтанга таш ыргытуу маалында катуу түртүшүү болуп, бир нече адам тепсендиде калып каза болду. Мындай маалыматты бүгүн эл аралык бир нече маалымат каражаттары таратты. Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуман уулунун билдирүүсүнө караганда, Мекеге ажылыкка барган Кыргызстандын атуулдарынын ичинен каза болгондор же жабыр тарткандар жок. Ал мындай маалыматты ажыга барган адамдардын жетекчисинен алып, кыргызстандыктардын аман-эсен экендигин билген. Ажылыкка быйыл Кыргызстандын 3700 атуулу автобус жана самолет менен кетишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG