Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Курман айт күнү Нарындагы жакырларга жардам берилду


НАРЫН. Курман айт күнү Нарындагы жакырларга дүйнөлүк ислам жаштар ассамблеясынын көмөгү аркасында «Нарынэт» жоопкерчилиги коомунда 120 баш кой курмандыкка союлду. Аталган ассамблеянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Жамалбек Рысалиевдин билдиргенине караганда, курмандыкка чалынган малдын эти томолой жетим балдарга, мечиттерге жана атайын чакырылгандарга таркатылат. Ал эми бул күнү Нарын шаарындагы борбордук Азирет Аалы мечитинде окулган намазга бир жарым миң адам чогулду. Намазга жыгылууга келгендердин 60 процентин мектеп окуучулары түздү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG