Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

Кыргыз мусулмандарын АКШ президенти куттуктады


БИШКЕК. Курман айт майрамы менен Кыргызстандын мусулмандарын АКШнын президенти Жорж Буш куттуктады. Мындай телеграмманы Жорж Буш президент Аскар Акаевдин наамына жолдоп, анда «Кудайга курман чалууну эске салган бул майрам диний ишенимди ар тараптан даңазалоого мүмкүндүк берет» деп билдирген. Андан тышкары АКШ Кыргызстандын эли жана өкмөтү менен тыгыз кызматташуу ниетинде бекем тургандыгын, ага кыргыз элинин эркиндикке умтулган демократиялык мамлекетти курууга, адам укугун сактап, өлкөнү гүлдөтүүгө жасаган аракеттери өбөлгө түзүп жаткандыгын баса белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG