Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

ӨTKӨН АПТАНЫН ОЛУТТУУ ОКУЯЛАРЫ


Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда бир катар олуттуу саясий окуялар болду. Жума башында президент Аскар Акаев региондорду кыдыруусун аяктады. Андан кийин Бишкекте «Ар намыс» партиясынын абакта жаткан лидери Феликс Куловдун сот иштери боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Ошондой эле бул жумада Кыргызстан элдеринин төртүнчү курултайы, укук коргоочулардын регионалдык конференциясы, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү президент Аскар Акаев Ысыккөл жана Нарын облустарын кыдырды. Ал кыдырууларда да түштүк облустарды кыдыруу учурундагыдай эле 2005-жылга чейин шайлоо кампаниясын токтотуу демилгеси кайталанды. Ал эми оппозиция өкүлдөрү президенттин кыдыруусун өзүнүн президенттик шайлоо кампаниясын баштады деп баалашты.


Жума башында Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын жыйыны өттү. Анда кыргыз-өзбек чек арасынын делимитацияланган бөлүгү 990 чакырымга жеткирилип, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимдин долбоорун түзүү ишин баштоо макулдашылды. Бул иштин тездетилишинин себебин сүйлөшүүдөгү кыргыз делегациясынын мүчөсү Саламат Аламанов:

- Келишимдин долбоорун иштеп чыгуу көп убакытты, талкууну талап кылат. Бул боюнча чек ара сызыгын аныктоого тете келген эле сүйлөшүүлөр жүрөт, - деп түшүндүрдү.


Жума башында премьер-министр Николай Танаев өткөн жумада Россияга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Мына ошол маалымат жыйынында өкмөт башчы биринчи жолу «Кумтөр» кенинин жаңы түзүлгөн «Центерра голд инк» компаниясына толук өткөрүлүп берилишине карата пикирин билдирди. Премьер-министрдин айтымында, бул - өлкө үчүн пайдалуу келишим:

- Мен силерге айтып коюшум керек, бул макулдашуу Кыргызстанга пайдалуу. Эгерде ал биздин өлкөгө пайдалуу болбогондо, мага бирөө курал такап туруп кол кой десе да, мен кол коймок эмесмин, - деди Николай Танаев.


Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков өкмөт кол койгон келишимди одоно түрдөгү мыйзам бузуу деп атады. Анткени, Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн жылы «Кумтөралтын» долбоорун кайра түзүү боюнча чечим парламенттин макулдугусуз кабыл алынбасын деген токтом чыгарган эле. Бирок, өкмөт ага карабай макулдашуу түзгөн. Муну Кадырбеков:

Эң негизгиси Кыргызстанга чыккынчылык жасалды. Колдо болгон эң көп алтын кенибизди чет өлкөгө бекер берип койдук. Жакында эле Интернет аркылуу бир маалымат таратылды. Анда «Эң жарды, кедей Кыргызстан бай Канаданы инвестициялап жатат», - деп, биздин өлкө шылдыңга алынган. Ал эми жаңы келишим менен Кыргызстан пайда алат дегендик калп эле эмес, уятсыз сөздөр, - деп баалады.


Шаршемби күнү Бишкекте «Арнамыс» партиясынын абакта жаткан лидери Феликс Куловдун соттук иштери боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Төрт жүздүн тегерегиндеги адам катышкан коомдук угуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда Куловду бошотуу талабы айтылып, анын саясий туткун экени белгиленди. Расмий бийлик өкүлдөрү бул окуяны байкамаксанга салды. Бирок, өкмөттүк гезиттер аркылуу ал иш-чара жана анын катышуучулары мыскылга алынды.


Оппозиция өткөргөн коомдук угууга уудалаш, эки күндөн кийин бийликтин демилгеси менен Кыргызстан элдеринин төртүнчү курултайы болду. Анда элдердин достугун чыңдоодо Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын ролу жогору бааланып, бул уюмду президент «Данакер» ордени менен сыйлады. Курултайда быйылкы социалдык мобилизациялоо жылында элдин турмуш деңгээлин көтөрүү жөнүндө сөз болду. Президент Аскар Акаев шайлоо кампаниясын эрте баштабоону жарыялаган менен, анын бийликте дагы эле калышы зарыл экендиги кыйыр түрдө белгиленди. Ал эми Ош шаарында болсо Аскар Акаевди бийликте узак мөөнөткө калтыруу максатын көздөгөн «Президентти колдоо кыймылы» түзүлгөнү жарыяланды.


Жума соңунда Бишкекте «Адам укуктары боюнча Борбор Азиянын милдеттенмелери: жетишкендиктер жана милдеттер» деген темада регионалдык конференция өттү. Анда адам укуктары боюнча Борбор Азия өлкөлөрү өткөн жылы Варшавадагы жыйында кабыл алган милдеттенмелеринин аткарылышы талкууланды. Анын жыйынтыгында, Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмуна кайрылуу кабыл алынып, анда Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери адам укуктары боюнча кабыл алган милдеттенмелерин аткарышына жараша гуманитардык, гранттык, каржылык жардамдарды берүү сунушталды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG