Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Ооганстандын жана Пакистандын чалгын кызматтары АКШнын армиясы менен алаканы күчөтөт


Ооган тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, террорчулукка каршы күрөштүн алкагында чалгын маалыматтары боюнча кызматташтыкты күчөтүү жөнүндө үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн соңунда макулдашылды. Ооган президенти Хамид Карзай кечээ эл аралык террорчу Усама бин -Ладен тирүү жана ооган–пакистан чек арасында жашырынып жүрүшү мүмкүн экенин билдирген. Мунун алдында АКШнын командачылыгы быйыл жазда аталган аймакта операция жүргүзүп, "ал-Кайида" менен Талибандын базаларын жок кылууну пландап жатканын маалымдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG