Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Иранда парламенттин 100дөн ашуун депутаты кызматты кетти


Алар миңдеген реформачыл талапкерлер алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилгенине нааразылык билдирүүдө. Парламент спикери Мехди Каррубинин айтымында, кызматтан чегинүү жөнүндө арыз 109 депутаттан түштү:

- Отставка жөнүндөгү арызын парламенттин 109 мүчөсү өз-өзүнчө тапшырышты. Бул - баарыбыз үчүн, албетте, өлкө жана бийлик үчүн да өкүнүчтүү.

Мехди Карруби өз сөзүндө миңдеген талапкерлерди, анын ичинде парламенттин азыркы 87 депутатын 20-февралдагы шайлоого катышуу укугунан ажыраткан Көзөмөл кеңешин сынга алды. Парламент төрагасынын билдиргенине караганда, ал жана президент Мохаммад Хатами Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменейини бул талаш маселени чечүү үчүн кийлигишүүгө чакырмакчы. Ирандык реформачылар алардын талапкерлери катыштырылбаса, шайлоо мыйзамсыз болоорун айтышууда.

XS
SM
MD
LG