Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Ирактын түндүгүндө күрд партияларынын кеңселери жардырылды, курмандыктардын саны так белгисиз


Америкалык генерал Марк Киммиттин билдиргенине караганда, Эрбил шаарындагы жарылуулардан кеминде 56 адам өлүп, 200дөй киши жаракат алган. Каза тапкандардын арасында күрддөрдүн жергиликтүү өкмөтүнүн жогору даражалуу өкүлдөрү да бар, жабыр тарткандардын көпчүлүгү урандылардын алдында деп болжолдонууда. Эки жанкечтинин удама–удаа жардыруусунан Ирактагы күрддөрдүн башкы эки уюму - Күрдүстан Демократиялык партиясы менен Күрдүстан Патриоттук союзунун Эрбилдеги кеңселери талкаланды. Жарылуудан аман калгандардын бири буларды билдирди:

- Биз бүгүн Курман айтты майрамдап жатканбыз. Адамдар куттуктоо үчүн келип жатышкан. Алардын арасында күрддөр, түркмөндөр бар эле. Жарылуу мага жакын жерде болду. Бирок ортодо эки–үч адам турган. Андыктан мен аман калдым.

Окуя үчүн эч ким жоопкер боло элек. Түндүктөгү шаарлардын экинчи бири –Киркуктагы кол салуудан болсо төрт жергиликтүү полицей жаракат алган. Ал эми өлкөнүн борбордук районунда, Кербала шаарынан алыс эмес жерде ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан 20дай ирактык каза тапты. Маалыматтарга караганда, жарылуу кампага уурулукка келген жергиликтүү тургундардын аракетинен улам чыккандай. Мунун аралыгында ротациялык тартипке ылайык, бүгүнтөн тартып Ирактын Башкаруу кеңешин Ислам партиясынын башкатчысы Мохсен Абдел Хамид жетектей баштады.
Багдадга иш сапары менен АКШнын Коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц келди. Анын визити жөнүндө мурда айтылган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG