Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

«КУМТӨРАЛТЫН» ДОЛБООРУН КАЙРА ТҮЗҮҮ БОЮНЧА ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ БОЛОТ


Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Кумтөралтын» долбоорун кайра түзүү макулдашуусу боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Кумтөр алтын» долбоорун кайра түзүү боюнча макулдашууга арналган парламенттик угууну 11-февралда өткөргөн жатат. Мындай маалымат палатанын кен, транспорт жана байланыш маселелери боюнча комитетинин төрагасы Ишенбай Кадырбековдон алынды. Анын маалыматына караганда, буга макулдашуунун Жогорку Кеңештин макулдугусуз жана Кумтөр алтын кенинен түшчү пайда чет өлкөлүк компаниялардын карамагына өтө тургандай болуп түзүлгөнү негиз берет: Ал тууралуу Ишенбай Кадырбеков мындай дейт:

- Жогорку Кеңеш «парламенттин макулдугусуз келишим кайра түзүлбөсүн» деген токтом кабыл алган болчу. Жогорку Кеңештин токтомуна карабай, Николай Танаевдин кол коюп койгону – бул мыйзамды одоно бузгандык. Себеби, Жогорку Кеңештин токтому өкмөттүн токтомунан жогору. Анан эң негизгиси - Кыргызстанга чыккынчылык кылганы. Бул колдо болгон эң чоң алтыныбызды чет өлкөгө бекер бергендик болот. Жакында эле Интернетте «Эң кедей Кыргызстан бай Канадага инвестиция жасай баштады» деп шылдыңдаган маалымат чыкты. Жаңы макулдашуу боюнча Кыргызстан пайда алат деген калп да эмес, ушунчалык уятсыз сөз.

Ал эми буга чейин премьер министр Николай Танаев «Келишим Кыргызстанга пайда алып келбей турган болсо, макулдашууга кол коймок эмесмин» деп билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG