Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

БЕЛГИЛҮҮ ОБОНЧУ, ТААНЫМАЛ ДИРИЖЕР


"Талант тагдыры" түрмөгүнөн өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып азыркы кезге чейин кыргыздын элдик профессионалдык ыр жанрында жемиштүү эмгектенип келе жаткан обончу жана дирижер, Кыргызстандын Эл артисти Сардарбек Жумалиевдин чыгармачылыгы баяндалат.

"Улук болсоң кичик бол" дегендей кичи пейил, бир сырдуу, бирок, кең пейилдүү Сардарбек Жумалиев обондорунун жугумдуулугу менен кесиптештеринен кескин айырмаланат. Ал Эл артисти деген ардактуу наамга татыктуу болуш үчүн кыргыз музыкасынын нечендеген таштуу жолдорун басып, тайгак кечүүлөрүн кечкен. Тубаса шыгы бар Сардарбек турмуштун да татаал белестерин ашууга дуушар болгон.

Ал балдардын ордо калаадагы П.Ф.Шубин атындагы атайын музыкалык мектебинде окуп, телчигүү мектебин бүтөөрү менен окуусун Кыргыз мамлекеттик М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүндө уланткан. Таланттуу педагогдор Г.Н.Когандан, К.Үкүбаевден балалайка, мандалин, комуз чертүү боюнча сабак алат. Бат эле аталган аспаптарда эркин ойноого жетишет. Сардарбек экинчи курстан тартып Кыргызфилармониясынын Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринде өркүндөтүлгөн комузда, балалайкада ойнойт. Бир эле мезгилде ал оркестрдин алдындагы комузчулар ансамблинде классикалык күүлөрдү чертет. Жаш комузчу-аткаруучунун чеберчилиги жетилип, музыкалык аң-сезими байыйт. Окууну бүтөөрү менен ал оркестрде иштөөгө калат. Ар кандай шыктагы ырчылар, музыканттар менен иштешет. Түрдүү чыгармаларды угуп, аларды аткарат. Айыл-кыштактарда, шаарларда оркестр менен гастролдордо болот. Бөтөн элди аралап, бөлөк музыкаларды тыңдайт. Мына ушулардын баардыгы, айрыкча эл аспаптар оркестри жаш музыканттын обон чыгарышына күчтүү таасир этет. Ал жөнүндө Сардарбек мырза мындай дейт:

Оркестрде иштей баштаган күндөн тартып оркестрлештирилген күүлөрдү, ырчылардын аткарган ырларын, композиторлордун чыгармаларын уктум. Ачык айтсам элдик шайырлар Карамолдонун, Ыбырайдын, Токтогулдун, Атайдын, композиторлор А.Малдыбаевдин, Ж.Шералиевдин, А.Аманбаевдин ж.б. авторлордун чыгармаларын оркестрде ойнодук. Мына ушулардын бардыгы обон чыгарып, музыка жазышыма күчтүү таасир этти. Жан дүйнөм козголуп, обон жаза баштадым.

Ал эми кайсы жылдан баштап обондорду жаза баштадыңыз жана алгачкы жолу угармандарга тартуулаган ырыңыздын аты кандай эле,кимге, эмнеге арнап чыгардыңыз эле деген суроого Сардарбектин жообу:


1966-жылдан баштап обон жаза баштадым. Кийин 1967-жылы кыргыз эстрада ансамбли уюшулганда мурдатан жазып жүргөн ырларымдын баарын алып чыгайын дедим. Биринчи жолу "Дзержинский бульварым" аттуу ырымды калкка тартууладым. Бул ырдын жазылышына Алатоо кино театрынан темир жол вокзалына чейинки Дзержинский көчөсүнүн келбети, көркөмдүү көрүнүшү себепчи болду. Себеби,көчөнү аралап басканда мага музыка жаз дегендей шоокумдар кулагыма шыбырагансып, шыктануума түрткү берди.


Сардарбектин алгачкы «Дзержинский бульварым» аттуу ыры ак жолтой болуп, анын артынан көп обондорду жазат. Алсак, "Ысыката арашан", "Толкундар", "Жайкы түндө назик үн", "Жаңы жылды тосолу", "Таң сыры", "Сарычелек", "Кыргыз жерим - кымбатым", "Сен менин жазылбаган ырларымсың" аттуу ж.б. ондогон арноо, эңсөө, кусалануу, кумарлануу мааныйындагы лирикалык ырларды тартуулайт. Алар таланттуу ырчылар Г.Момушованын, Д.Жалгасынованын, К.Сартбаеванын ж.б. шайырлардын аткаруусунда калк арасына учкан куштай тарайт. Автор 38 жылдык чыгармачылык түйшүктөнүүнүн аралыгында ар кандай темадагы 150 обон жазат. Алардын көпчүлүгү аткаруучулук чеберчилиги ар кандай ырчылар тарабынан ырдалган жана азыр да ырдалууда.

Сардарбек көптөгөн жаркын маанайдагы обондордун автору гана эмес, ондогон обончулардын ырларын оркестрге салган музыкант, таланттуу дирижер катары да белгилүү. Ал дирижерлук пультка чыккандагы сезимин:


- Алгачкы жолу оркестр менен сахнага чыкканда толкунданасың. Антип толкунданбасаң музыка дүйнөсүнө бекер келген адам болосуң. Өзүңдү тузу жок тамак ичкендей сезесиң. Ар бир концерт сайын эл алдына чыкканда "Концертибиз кандай өтөт, эл кандай кабыл алат? - деп толкунданасың. Анан бир-эки номерди аткаргандан кийин толкундооң басылып, музыка дүйнөсүнө эркин чабак урасың, - деп баалайт.

Ал эми дирижерлук чеберчиликти кыргыз музыкасындагы мыкты чеберлерден алып, таланттуу дирижерлор менен иштешип келет. Ал тууралуу Сардарбек:

- Мен дирижерлук боюнча сабакты композитор-дирижер, Эл артисти Насыр Дөөлөсовдон, музыкалык окуу жайында окуп жүргөндө Эл артисти, Социалисттик Эмгектин баатыры Калый Молдобасановдон алдым. Калый агайдан бир жыл сабак алдым. Анын дирижерлук өзүнчө ыкмасы бар. Көп жылы залкар дирижер Асанкан Жумакматов менен иштештим. Агайдын да өзүнө гана мүнөздүү ыкмасы, тажрыйбасы бар. Эл аспаптар оркестри үчүн күүлөр менен ырларды өтө бийик чеберчиликте иштеп чыкканына күбө болдум. Мына ушулардын баары менин дирижерлук чыгармачылыгыма өзгөчө таасирин тийгизди. Анан агайлардай болсом, алардай иштесем деген алга умтулуу мени жетеледи. Курдашым, Эл артисти Эсенгул Жумабаев менен да көп жыл бирге иштештим. Анын да композитор, дирижер жана адам катары кайталангыс бийик касиеттери бар. Төлөгөн Томотоев менен да иштештим. Төкөм да кайталангыс өзгөчө мыкты сапаттарга ээ. Азыр болсо Бакыт Тилегенов менен иштешип жатам. Ал жаш, өсө турган жигит. Анын келечеги алдыда. Жакшы дирижер болот, - деп эскерип, аларга ыраазы болот.
XS
SM
MD
LG