Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

ЭМДИГИ ЖЫЛЫ ӨТӨ ТУРГАН ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК ЭМИТЕДЕН БАШТАЛДЫ


Эмдиги жылы жазында - парламенттик, кеч күздө - президенттик шайлоо өтөт. Аны утурлап “Алга, Кыргызстан” партиясы, ага удаа оппозиция партияларынан “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогу чыкты. Ошентип, келээрки жылдын камылгасы быйыл башталууда. Президент А.Акаев эл кыдыруу маалында шайлоо камылгасына эртелеп киришкендерди сынга алды, быйыл экономика менен гана алектениш зарылдыгын айтты. Оппозиция өкүлдөрү болсо шайлоо даярдыгын бийлик өзү баштады деген пикирде.

Келерки жылдагы шайлоо даярдыгы оболу парламенттин колу менен жасалды. Кош палата депутаттары Башмыйзамга партиялык тизме менен шайлоону киргизүү демилгесин көтөрүп, кол топтоп Конституциялык сотко кайрылуу жөнөткөн. Депутаттардын өтүнүчүн Конституциялык сот туура деп тапса Башмыйзамды дагы бир ирет өзгөртүү парламенттин энчисине тиймек. Ошондо референдум чакырып бюджетке оорчулук келтирбей, партиялык тизме эрежесин парламенттин колу менен киргизүү, демигечилердин айтымында, ушу тапта саны кырктан ашкан саясий партиялардын активдүүлүгүн арттырмак.

Жаңы демилгечилердин азыртадан башталып аткан аракетинин артында парламенттик күчтүү бийликти кайтарып алуу кызыкчылыгы башбактап турганы деле жашыруун эмес. Кандай болгон күндө да болочок парламенттин 70 депутаттан турушу же аны баштагы калыбына келтирип 105 депутатка жеткирүү, шайланчулардын 15 же 20% партиялык тизмеге өткөрүп берүү талашы президент А.Акаевдин шайлоо мөөнөтү аягына чыгып баратканда козголуп атышынын себеп-жөнү деле белгилүү.

Президент А.Акаев келээрки шайлоого катышпастыгын, Конституциянын жаңы редакциясы ага дагы бир ирет шайланууга жол бербестигин өткөн жылдын 19-июлунда өткөн “Өнөктөштүк форумунда” бул маселеге эки ирет кайрылганын белгилеп так кесээр бүтүмүн билдирген:

- Конституциянын жаңы редакциясы мага жаңы мандат берүү маселесин караган эмес. Ошон үчүн келгиле, ушуга чекит коелу. Буга дагы кошумчалап коеюн, 2005-жылдагы шайлоо Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык демократия принцибин бекем колдонуу менен өткөрүлөт.

Антсе да ага ишенбей, А.Акаевдин 2005-жылкы шайлоого катышуу укугу бар-жогун аныктап берүү өтүнүчү менен парламент депутаты Дүйшөн Чотонов оболу Жогорку Кеңештеги кесиптештерине, андан соң Конституциялык сотко өтүнүч кат жөнөттү.
Коомдо эки анжы талкууга алынып аткан маселени антип чоң укуктук проблемага айлантып атыштын артында кандайдыр бир мүдөө-максат катылып жатканын боолголош кыйын.

Ошентип, парламент менен президенттик шайлоонун кам-чому эмитеден эле көрүлө баштады. Эмдиги жылга чейин саясий активдүүлүктү бас-бас кылып, болгон аракетти быйыл экономиканы көтөрүүгө жумшоо зарылдыгын президент А.Акаев кийинки эл кыдыруусунда байма-бай айтып келди. Азырынча аны колдогон киши жок. Саны арбын саясий партиялардын көбү ичара биригип, алдыда жасалчу иштерди аныктоого киришти. Маалынан эрте башталган саясий камылганын жөн-жайын Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жетекчиси Алмаз Атамбаев момундайча сыпаттайт.

- Баарыбыз билебиз, биздин бийлик дайыма эле айткан сөзүндө турбайт, анын тескерисин жасайт. Биздин коркконубуз, бийлик референдум өткөрө койсо кандай болот?

Дегинкиси, партиялардын антип жанданып жатышынын артында чоң саясий мүдөө тургансыйт. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун айтымында, бул өзү мыйзамченемдүү нерсе:

- Чындыгына келгенде, бул - бийликти сактап калуунун маданияттуу жолу.

Эмдиги жыл Кыргызстан үчүн оголе олуттуу саясий сыноолордун мезгили болот. Грузияда бийлик алмашуусуна таасирленип калган кыргыз оппозициясы кайрадан “жибек ыңкылабын” эңсеп, 1990-жылды өзгөчө ыклас менен эскерүүгө өттү. Расмий бийлик саясий оюнга көп азгырылбай, ашып барса эки-үч ай аралыгында шайлоо өткөрөлү деп сунуштоодо.
XS
SM
MD
LG