Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

ОРУСИЯНЫН МУСУЛМАНДАРЫ КУРМАН АЙТТЫ МАЙРАМДАШТЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Орусия Федерациясынын мусулмандары Курман айтты майрамдашты. Кээ бир аймактарда Курман айт күнү дем алыш күн жарыяланды.

Курман айт күнү эртең менен Москвадагы Борбордук мечитте окулган Айт намазына келишкендердин саны 10 миңден ашты. Намаз алдында Орусиянын муфтийлер кеңешинин жетекчиси Равиль Гайнуддин араб, татар жана орус тилдеринде куттуктоо сөзүн сүйлөп, көп улуттуу Орусияда бийлик менен диний-уюмдардын ортосунда туруктуулукту сактап туруу максатында жамы журт ынтымагына багытталган кызматташуу бар экендигине токтолду.

Москвалык мусулмандар Курман айтты үй-бүлөсү менен майрамдоону каалашат. Ошол эле учурда, бул күнү айттап, конокко баруу салты да унутта калган жок. Мушира айым Казань шаарынан Москвадагы туугандарына айттап келген экен. «Бул майрам - руханий тазаруунун майрамы», - дейт ал. Москвада биринчи жолу болуп атканына карабастан, садага берүү үчүн адам табуу деле кыйын эмес деп ишенет Мушира айым:

- Бүт эле жерде жакырчылыктын азабын баштан кечиргендер көп. Аларга акчалай же белек, тамак-аш түрүндө садага берсе болот.

Мына ушундай эле майрамдык маанай Башкортастандын Уфа шаарында да өзгөчө байкалды. «Мечитке агылып келишкендерди сөзсүз түрдө майрамдык тамак-аштан ооз тийдирүү зарыл».

- Байларга да, кедейлерге да боорукердик менен мамиле жасоо керек. Алла Таала түп тамырыбыз бир экендигин, ошондуктан бирге болушубуз керектигин айткан, - дейт казан башында тамак бөлүштүрүп жаткан Садриддин.

Татарстан менен Башкортастанда Курман айт жалпы элдик майрам катарында белгиленет. Андыктан, бул жолу жекшемби күнүнө туш келген дем алуу күнү дүйшөмбүгө жылдырылды.

Орусия мусулмандарыy Курман айт майрамы менен президент Владимир Путин да куттуктап, ислам дини даңазалаган урмат, тынчтыкты сүйүү жана жакындарга кам көрүү баалуулуктары ушул тапта өзгөчө мааниге экендигин белгиледи. Бул баалуулуктарга жетишүүдө орусиялык мусулмандар өздөрүнүн чоң салымын кошот деп үмүттөнөт орус президенти.

Курман айтты Орусиянын көп мусулмандары Сауд Арабиясында ажылык парзын аткаруу учурунда белгилешти. Ажылык парзды сакыт кылуу ниетин көздөп быйыл Орусиядан канча адам чыккандыгы азырынча белгисиз. Борбордук диний башкармалыктын маалыматында, быйыл Мекеге жол алышкандардын саны былтыркыдан алда канча көп болду. Ал эми былтыр 5150 адам зыяратка баргандыгы маалым.
XS
SM
MD
LG