Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

ИРАНДА САЯСИЙ ТИРЕШҮҮ УЛАНУУДА


Бүгүн реформисттер ушул айдын этегине белгиленген парламенттик шайлоону кийинкиге калтырууну дагы бир жолу сунуш этишти. Кечээ болсо парламенттин 100дөн ашуун мүчөсү кызматтарынан чегинүү жөнүндө жарыялашкан эле.

Реформачыл депутаттар жекшемби күнү кечинде жасаган билдирүүсүндө көзөмөл кеңеши өз турумун бир аз жумшартканы менен шайлоону өткөрүү мөөнөтүн кийнкиге жылдыруу зарыл деп айтылат. Алардын айтымында, талапкерликтен четтетилген кишилердин бардыгы тең шайлоого катышуу укугун кайра алса да, добуш берүү кийинчирээк өткөрүлүүгө тийиш. Анткени талапкерлерге адилет таймаш үчүн убакыт талап кылынат. Билдирүүгө кол койгон мыйзамчылардын арасында парламентте нааразылык акциясын өткөргөн депутаттар да бар.

Эсиңиздерге сала кетели, Ислам революциясынын көзөмөл кеңеши 20-февралга белгиленген параламенттик шайлоого 4 миңдей киши, анын ичинде азыркы 80дей депутат, талапкер катары катыша албайт деген бүтүмүн чыгарган эле. Ага жооп катары кээ бир депутаттар парламенттин имаратынан чыкпай, нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Жекшембиде болсо 117ге чукул депутат көзөмөл кеңешинин чечимине нааразылык билдирүү иретинде, кызматтарынан чегинүү жөнүндө арыздарын тапшырышты. Парламент төрагасы Мехди Каррубинин айтуусунда, ар бир арыз талкууланып, парламенттин эмки сессиясында добушка коюлмакчы. Бирок бул процесс канча убакытка созулаары такталган жок. Мажлистин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин жетекчиси Мохсин Мирдамади окуяларды мындай деп сыпаттады:

- Ислам революциясынын эң чоң жетишкендигин, ислам режиминин зулумдукка каршы турумунун символу болуп калган көз карандысыз жана эркин мажлисти жок кылуу аракеттери – бүгүнкү негизги проблема.

“Нью-Йорк таймс” гезитинин дүйшөмбү күнү жазышынча, депутаттардын кызматтан чегиниши Ирандын саясий системасын баш аламандыкка кептеди.

Президент Мохаммад Хатаминин реформисттерден турган өкмөтү көзөмөл кеңешине эки ирет кайрылып, шайлоонун датасын өзгөртүү сунушун киргизген эле. Жума күнү 12 мүчөдөн турган көзөмөл кеңеши бул демилгени четке каккан. Эми болсо кеңеш дагы бир жолу “жок” деп жооп берсе, анда Хатаминин өкмөтү шайлоо өнөктүгүн уюштуруудан баш тартышы да ыктымал. Же болбосо, шайлоону өткөрүүдө негизги ролду ойногон жергиликтүү акимдер президенттин көргөзмөсү менен, кызматтарыбыздан кетебиз деп опузалашы да ажеп эмес. Мунун бардыгын эске алып, динчилдер кызматтан өз эрки менен кетүү аркылуу шайлоого жолтоо болгон ар бир расмий кызматкер мыйзамдын алдында жоопко тартылышы мүмкүн деп эскертишти. Бирок шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө ишемби күнү жиберилген сунушка жооп кайтарыла элек.

ИРНА маалымат агенттигинин кабарына ылайык, ишемби күнкү кабинет жыйынында министрлер “өкмөт эркин жана адилет шайлоону гана өткөрөт” деген президент Хатаминин билдирүүсүн колдошту.

Азыркы кризис Ислам революциясынын 25-жылдыгына арналган майрамдык чараларга көлөкө түшүрүүдө. 1979-жылы аятолла Рухолла Хомейни сүргөндөн кайтып келип, ислам мамлекетин түзгөн эле.

Шайлоого байланыштуу маселени чечүүгө эми Хомейнинин ордун баскан аятолла Хаменейи киришет.
Атын атабаган жергиликтүү аналитиктердин бири: “Диний лидер үчүн кийлигишүүгө убакыт келди”, - деп билдирди.
Хаменейи болсо эл аралык коомчулуктун сынына кабылуудан көрө, көзөмөл кеңешине кысым көрсөтүүнү артык көрүшү ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG