Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

АЖЫГА БАРУУ ОПУРТАЛДУУ ЭМЕСПИ?


Кечээки (жекшембидеги) Мина өрөөнүндө “шайтанды таш бараңга алуу” жөрөлгөсү маалындагы тыгылыштын айынан өмүрүнөн ажырагандардын саны 250дөн ашты. Кыргызстандык зыяратчылардын баары аман-эсен. Деги, алардын зыяратчылардын коопсуздугу боюнча чаралар кандай деңгээлде уюштурулуп жатат? Ажыга баруу коркунучтуу эмеспи?

Дароо эле бул окуядан кыргызстандыктар эч жапа чекпегендиги тууралуу соңку кабардан баштайлы. Мекеге барган алатоолук зыяратчылар тобун жетектеп жаткан Лугмар ажы бүгүн кабарчыбыз Айданбек Акмат уулуна мындай деп айтты:

- Кечээ Минада таш ыргытуу жөрөлгөсү маалында тыгылыш болду. Бирок кыргызстандык топто баары жайында. Бизден эч ким жапа чеккен жок. Баары аман-эсен. Жабыр тарткандардын баары – башка өлкөлөрдөн келгендер. Кудай буюрса, эртең, 3-февралда ажылык сапарыбыз соңуна чыгат.

Бери дегенде 251 кишинин Мина өрөөнүндөгү “шайтанды таш бараңга алуу” жөрөлгөсүн жасоо маалында тепсендиде калып набыт болушу – быйылкы ажылык сапардын өзгөчө кайгылуу учуру болуп калды.

Былтыр ушундай эле каргашалуу окуядан улам 14 киши көз жумган. 1998-жылы 118 киши тебелендиде калган. Ал эми 1997-жылы Минага жакын жерде чатыр өрттөнүп кетип, 340 киши көз жумган. Баарынан чоң кырсык 1990-жылы болгон. Анда 1400дөн ашуун зыяратчы тебелендиде калып өмүрүнөн айрылган.

Мындай кырсыктуу окуяларга карабастан, дининдеги ыйык беш парызынын бирин аткаруу үчүн Меке менен Мединага агылган мусулмандар жыл санап өсүүдө. Алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Сауд Арабстандын өкмөтү ар өлкөгө квота киргизип, келгин зыяратчылардын санын чектөөгө аргасыз болууда.

Шотландиядагы Глазго университетинин Ислам таануу борборунун деректири Мона Сыддыки айым Сауд Арабстан бийлиги коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бар аргасын жасап жатканын айтат:

- Менимче, саудиялыктар бул жараянды толугу менен көзөмөлдөп, ажылык сапарды байсалдуу кылуу үчүн колдон келген аракетин бүт жасоодо. Бирок мени тынчсызданткан жагдай – эгерде алар жылыга ажыга келчүлөрдүн санына кескин чек койо албаса, анда мындай тыгылыштардын аягы көрүнбөй тургандай.

Сауд Арабстандын ажылык иштери боюнча министри Аййад бин Амин Мадани болсо тепсендиде калгандарга тез жардам көрсөтүү чаралары кандай жүргөнүн мындайча белгилейт:

- Тыгылыш 27 мүнөтчө созулду. Коопсуздук кызматынын жана тез жардам дарыгерлеринин баары ошол жайда болду.

Мадани мырза кыйыр түрдө моюнга алгандай, ар чарчы метрге эсептегенде, кишилер өтө эле жыш топтолуп жаткандыктан, “шайтанды таш бараңга алуу” жөрөлгөсү улам кооптуу болууда. Быйыл он миңдей коопсуздук кызматкери эки миллионго жакын зыяратчылардын Минадагы агымына көз салып турду.

Дегиңкиси, ажылыктын жогорку сереси катары саналган бул жөрөлгөсүз ажылык сапарды элестетүүгө да мүмкүн эмес. Мусулмандардын ишениминде, дал ушул өрөөндө Ибрайым пайгамбар, анын уулу Исмайил жана жубайы Хажира бир шайтанды көрүшкөн экен. Алардын ар бири жетиден таш ыргытканда, шайтан көздөн кайым болууга аргасыз болгон.

Ажылык сапар маалында дүйнөдөн кайткандар бейишке чыгат деген ишеним бар. Бирок адам баласы ичээр суусун жөнү жок жерден түгөтпөстөн, мүмкүн болушунча бул “жалган дүйнөдө” жашоону самайт эмеспи. Деги, ажылык зыяраттын кооптуу жактарынын алдын алууга болобу?

Азыркы мусулмандар технологиялык жетишкендиктерди кеңири колдонуу аркылуу болочокку ажылык сапарларды коопсуз өткөрүүгө болот деп ишенишет. Алардын бири – шотландиялык адис Сыддыки айым.
XS
SM
MD
LG