Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Жорж Буш чалгын кызматтарынын Ирак боюнча кетирген катачылыгын тергөөгө буйрук берет


Бир катар Батыш агенттиктеринин кабарлашынча, америкалык чалгынчылардын ишин тергөөнү караган жардыкка АКШнын президенти ушул аптада кол койот. Атын атабоону суранган расмий өкүлдөрдүн айтымында, тергөөчүлөр Иракка каршы согуш ачаардын алдында Кошмо Штаттарына кандай чалгын маалыматтары белгилүү болгонун жана баскынчылыкка кайсы жагдай негиз бергенин аныкташы керек.
Президент Буш башында мындай тергөөгө каршы болгон, бирок Конгресстеги республикачылар да, демократтар да ага кысым көрсөтүп туруп алышты.

XS
SM
MD
LG