Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

КУМТӨР АЛТЫН КЕНИ ЧЕТ ӨЛКӨНҮН МЕНЧИГИНЕ ӨТӨБҮ?


«Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан Канаданын«Камеко» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн жаңы макулдашуу тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков «Азаттык» үналгысынын кабарчысы менен маек курду.

- Ишенбай мырза, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү менен Канаданын «Камеко» корпорациясынын ортосунда жаңы макулдашуу түзүлдү.Премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, жаңы макулдашуу Кыргызстанга пайда алып келет. Бирок, депутаттар ага макул болбой жатасыздар. Жаңы макулдашуу өлкөгө чын эле пайда алып келеби? Кененирээк түшүндүрмө берсеңиз?

- Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жаңы келишим парламенттин макулдугусуз түзүлбөсүн деген токтом кабыл алган болчу. Ага карабай Николай Танаевдин кол коюп койгону бул- мыйзамды одоно бузгандык. Анткени, Жогорку Кеңештин токтому өкмөттүн токтомунан жогору турат. Эң негизгиси - бул Кыргызстанга каршы жасалган чыккынчылык. Мына жакында эле Интернетте бир маалымат пайда болду. Анда «эң кедей Кыргызстан бай Канадага инвестиция бере баштады» деп, бизди шылдыңдап жазып чыгышты. Азыркы жаңы келишим боюнча Кыргызстан пайда табат деген бул калп гана эмес өтө уятсыз сөз. Буга бир эле мисал: Кыргызстан алтынды сатуудан 1 миллиард 146 миллион доллар пайда тапты. Бирок, мунун баары чөнтөгүбүзгө түшкөн жок. Эмне үчүн дегенде 656 миллион доллар заводду курганга кетти. 417 миллион долларды үстөк проценти менен карызыбыз үчүн төлөп бердик.

Кыргызстан пайда албай калгандыгынын дагы бир себеби, биз «Кумтөрголд» компаниясына салык жана башка төлөмдөр боюнча 5 жылга жеңилдик берип койгонбуз. Бардыгы 118 тонна алтын сатуудан бир миллиард доллардан ашык пайда таап, бардык карыздан кутулдук. Эми мына азыр анык пайда ала турган мезгилибиз келген. Эгер биз дагы жүздөн ашык тонна алтын сата турган болсок, бир миллиарддан ашык доллар пайда көрүп, орто эсеп менен Кыргызстанга жок дегенде 500 миллион доллар түшмөк.

Азыркы жаңы келишим боюнча «Кумтөр компаниясы салыкты толук төлөй баштайт, жеңилдиктердин баары алынат» деп жатышат, бул калп сөз. Себеби, жаңы макулдашууда салык боюнча жеңилдиктер башка амал, жаңы сөздөр менен узартылып жатат. Маселен, макулдашууда «Кыргызстанда салык, социалдык төлөм боюнча жаңы мыйзамдар кабыл алынса, алардын инвесторлорго тиешеси жок болот, ага инвестор өз каалоосу менен макул болот же болбойт» деп жазылган экен.

Бул эмне деген кеп? Бул - алар салык боюнча биздин жаңы мыйзамдарга баш ийбейт дегенди билдирет. Чындыгында, Кыргызстандын мыйзамы боюнча салык системасы болобу же башка мыйзамдар өзгөртүлө турган болсо эл аралык макулдашуулар Жогорку Кеңештин макулдугунан өтүшү керек. Эгерде өткөрүлбөсө мыйзамсыз болот. Бирок, ошого карабай булар макулдашууну күчүнө киргизип иштеткен жатышат. Бул жаш баланы алдагандай эле кеп да!

Биз алтыныбызды инвестор деген ат менен жаңы түзүлгөн компанияга берген жатабыз. Инвестор деген ким? Маселен, ал Кыргызстанга өзүнүн акчасын алып келип, ага бир нерсе куруп, анан пайдасын көрөт. Ал эми Кумтөрдү иштеткен инвестор биздин алтыныбызды сатып, пайдасын көрүп туруп бизге кайра инвестиция жасап жатат. Биздин өзүбүздүн акчабызды өзүбүзгө инвестиция кылууда. Деги билбейм, мен буга чейин көп эле келишимдерди окуп жүргөм, бирок, ушунчалык алдамчы келишимди биринчи жолу көрүшүм. Эгерде ал күчүнө кирип кетсе, Кыргызстан чоң байлыгынан ажыраганы аз келгенсип, дүйнө жүзүнө уят болот. Дүйнө жүзүндө акылсыз, өз байлыгын башка бирөөгө берген мамлекетти эч ким сыйлабайт.

- Кумтөрдөн Кыргызстан чындап пайда ала турган кезде эмне себептен жаңы компания түзүлдү? Мунун негизги максаты эмне?

- Бул баарыбызга жакшы түшүнүктүү болгон коррупциянын эң чоң бир түрү. Кыргызстандын саналуу адамдары кайсы бир жерден пайда алган жатат. Анткени, жаңы макулдашууда «Алынган пайданын баары чет өлкөдөгү банктарда сакталат» деп жазылган экен. Мүмкүн келишимди түзүүгө макул болгондорго чет өлкөдөгү банктан эсеп ачылып, келечекте алар үстөк проценттерин алып турат. Ошону алыш үчүн алар Кыргызстандын кызыкчылыгынан кечип туруп кол коюп жаткандыгынын башкы себеби мына ушунда.

- Мына ушундай маанилүү маселелерди тескеп турган президент менен премьер- министр эмеспи. Алар эмне үчүн унчукпай турушат. Балким, аларга чыныгы маалымат жетпей жаткандыр?

- Менин угушума караганда, эксперттик комиссиядагы көп жигиттер каршы чыгышкан экен. Бирок, алардын да колун толгогон окшойт,кол коюп берүүгө мажбур болушту. Бул маалыматты кээ бирлери билет, бирок макулдашуу абдан татаал жазылган экен. Ушунчалык татаал жазылгандыктан төрт-беш жолу окуп туруп гана илинчектерин табууга болот.

Ушундан улам көпчүлүгү жакшы түшүнбөйт жатышат. А кээ бирлери билип туруп, татаал сөздөрдүн арасына негизги максатты кымтып, жашырып коюп жатышат. Болгондо да макулдашуу англис тилинде жазылып, орус тилине которулган жана аны «Камеко» компаниясынын адистери жазган. Демек, көпчүлүгү түшүнө албай жатат. Ал эми кол коюп, макул болуп жаткандар түшүнүп туруп жасап жатат. Анткени, алар бир нерсени жакшы билишет. Ал өзүлөрүнүн жеке пайдасы. Кыргызстандын уткуруп жаткандыгын билишет.

- Колунда алтыны бар туруп Кыргызстан эмне үчүн «Камеко» корпорациясына ушунчалык көз каранды болуп жатат?

- Акылсыздык деп айтсам туура эмес, анткени, бизде акылдуу адистер бар. Бул сатылып кеткендиктен гана, өз мамлекетин жеке кызыкчылыгы үчүн сатып аткандыктан ушундай абал түзүлдү.

- Эми келишимди ишке ашырбай коюуга парламенттин мүмкүнчүлүгү жетеби?

- Бул маселе боюнча 11-февралда парламенттик угуу болот. Анда чечим кабыл алабыз. Эгерде депутаттар кыраакылык кылып, кыргыз элинин келечегин ойлоп, биз сунуш кылган долбоорду колдоп берсе ал чечим күчүнө кирет. Бирок, бул жерде акыркы сөз президенттин оюна байланыштуу. Эгерде президент парламенттин чечимин угуп токтотуп койсо, келишим ишке ашпайт. Эгерде президент унчукпай койсо келишим ишке ашат да Кыргызстанга чоң зыян алып келет. Акыры айланып барып эле акыркы сөз президенттики болот.

- Өзүңүз билесиз, кезегинде бул маселе элдин чоң нааразычылыгын пайда кылды эле. Эми бул жаңы макулдашуу да элди толкутушу мүмкүнбү?

- Эми өзүңүздөр эле ойлоп көргүлөчү, биз чет өлкөлөрдөн миллиондогон долларларды карызга алып жатабыз. Карыз албай эле миллиондогон долларга өзүбүздүн алтыныбызды сатып ээ болуп, жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканда колдо болгон байлыгыбызды чет өлкөгө берип коюп, чет өлкөдөн кайра карыз алып жатсак ким чыдайт? Болгондо да, паранын 1-2 проценттик үлүшү үчүн ушуга барып жатышса ким чыдайт? Эл ирээнжийт, акыры жүрүп отуруп көтөрүлөт. Дайым эле чыдай бербейт да, анткени, ал бийликтеги адамдардын байлыгы эмес. Бул жалпы кыргыз элинин байлыгы! Болгондо да эң чоң байлыгы, ошону менен тышкы карызыбыздын эң кур дегенде 30-40 проценттинен кутула турган мүмкүнчүлүгүбүз бар эле.

- Биздин билишибизче, алтын казуу токтотулгандан кийин миллиондогон долларга курулган завод иштен чыгат. Ошол заводду куруунун зарылдыгы бар беле?

- Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча биз кичинекей эле ишкана курушубуз керек эле. Аны менен 11-12 жылдын ичинде жердин үстүндө ачык жаткан кенди казып алышыбыз керек болчу. Андан кийин жер алдында жаткан кенди казат болчубуз. Булар болсо жанталашып чоң комбинат курду. Ушундан улам курулушка 280 миллион доллар эмес, 656 миллион доллар сарпталды. Ошо кезде алтындын баасы арзан болчу, демек, шашуунун кереги жок болчу.

Ал эми бүгүн алтындын баасы абдан кымбаттады. Алтынды мына азыр сатуу керек. Алар ошо кезде эмне үчүн жанталашып шашты? Себеби, алтынды батыраак алып калуу, анан калса салыктан жеңилдик берилген беш жылдын ичинде колдон келишинче бардык алтынды шыпырып алуу үчүн далбасташты. «Кумтөрголд» компаниянын башында «Кыргызалтын» турат. Эмне үчүн алар ошону ойлогон жок? Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлошсо алтын казууну чоюш керек болчу. Жок, алар менен кошо жанталашып килейген заводду кошо курушту.

Коркунучтуу дагы бир нерсе – биз өкмөттүн мүчөсү болуп турганда жер үстүндөгү эле эмес, жер алдында жаткан алтынды да казгыла деп айтканбыз. Жер алдында 280 тонна алтын бар. Эми завод токтой турган болсо мөңгү суунун баары карьерге толуп, жабат. Жер алдындагы 280 тонна алтынга эч качан колубуз жетпей калат. Булар жанталашып үстүндөгү кенди казып алып эле качып кеткилери келип жатат.

Мен мына алардын «жер алдындагы алтынды казуу рентабелдүү эмес экен» деген тыянагын окудум. Мына бу Өзбекстандын Заравшан алтын кениндеги бир тонна кенден бир гана грамм алтын чыгат. Алар ошону казып алып жатышат. Биз болсо бир тонна кенден 3, 2,8 грамм алтын чыга турган кенди казбай турган болуп турабыз. Алар рентабелдүү эмес деп, үстүн казып алып качып кеткен жатышат.

Андан тышкары жаңы келишим боюнча мурун казууга берилген жердин радиусу 7 жарым чакырымга кеңейтилет экен. Себеби, кийинки изилдөөлөр мурунку башкы келишим менен казууга өлчөнүп берилген жердин чеке жакасында алтын бар экендигин көрсөткөндөн кийин ал жер дагы кеңейтилип жатат. Демек, алар кошумча алтынды алган жатышат.

Андан тышкары алтын алынган кенде күмүш, вольфрам бар. Өзүнүн концентраты боюнча күмүштүн көлөмү эң көп. Булар жанталашып алтынын гана алып жатат, а күмүшүбүз кайда калууда? Айтор, он жылдын ичинде болгон байлыгыбызды талатып жиберип, балдарыбыз менен неберелерибизге эмне калаарын ойлогон киши жок.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG