Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

ЖАНКЕЧТИЛЕРДИН ЧАБУУЛУ КҮРТТӨРДҮН САЯСИЙ БИРИМДИГИНЕ САЛЫМ КОШУШУ МҮМКҮН


Ирактын күрттөр жашаган жарым автономдуу аймагында үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды. Алардын эки партиясынын кеңсесинде жекшембиде жасалган жардыруулар өлкөнүн таасирлүү саясий уюмдарына каршы тикелей багытталган алгачкы олуттуу сокку жана буга чейин салыштырмалуу тынч деп эсептелген күрд чөлкөмүндөгү алгачкы чоң кырсык болду. Окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ирактын айрым расмий өкүлдөрү күрттөрдүн "Ансар ал-Ислам "деп аталган согушчан уюмун айыптады. Ал эми аналитиктер жанкечтилердин аракетинен улам күрттөрдүн саясий биримдиги чыңдалышы мүмкүн экенин айтышууда.

Жанкечтилердин соккусуна кабылган Күрд Демократиялык партиясы менен Күрдүстандын Патриоттук союзу - күрттөрдүн өз ара атаандаш уюму. Бирок партия лидерлеринин ишениминде, алардын Эрбил шаарындагы кеңселеринде удаа жасалган терракт күрттөрдүн биригүүсү үчүн гана кызмат кылмакчы. Окуя Күрд Демократиялык партиясы менен Күрдүстан Патриоттук союзунун кеңселерине төрт күнгө созулуучу Курман айттын башталашын майрамдоо максатында коноктор чогулуп жаткан учурда болду.

Жанкечтилер бул ирээт адаттагыдан айрымаланып, автоунааларды да пайдаланган жок. Күрттөрдүн жергиликтүү телеканалы маалымдагандай, жардырууну молдолорчо кийинип алышкан жанкечтилер ишке ашырды. Алар да Курман айтка байланыштуу жакшы тилек айтуу максатында келип, күрд жетекчилери менен кол алышып жаткан адамдардын арасында жүргөн. Ал эми сакчылар конок кабыл алуу салтына ылайык, бул жолу келип жаткандарды текшерүүгө алган эмес. Кабарчылар билдиршкендей жардыруудан улам айрым адамдардын денеси чачырап кеткенге чейин барган экен.

Кеминде 65 адамдын өмүрүн алып, 250ден ашуун кишини жарадар кылган жардыруулардын артында ким турганы так белгисиз. Ал үчүн эч ким жоопкер боло элек. АКШ армиясынын генералы Марк Киммит Багдаддагы басма сөз жыйынында жоопкер болушу ыктымал топтордун бир нечесин атады:

- Бизде азырынча терракт үчүн ким жоопкер экени тууралуу маалымат жок. Ал "Ансар ал-Ислам" тобу, "ал-Каида" же Иракта аракеттенген чет элдик террордук уюмдардын башкасы болушу ыктымал.

Ирактын тышкы иштер министри, улуту боюнча күрт Хошияр Зебари болсо терракт үчүн ачык эле "Ансар ал–Ислам" тобун күнөөлөдү. Жардыруудан улам Күрд Демократиялык партиясы төрт, Күрдүстан Патриоттук союзу үч жетекчисин жоготту. Ал эми алардын биринчи жетекчилери Масуд Барзани менен Жалал Талабани кырсык болгон учурда Эрбилде эмес эле. Соңку кандуу окуя Жалал Талабанинин айтымында, күрттөрдү Ирак федералдык типтеги мамлекетке айлануусуна жетишүү мүдөөсүнөн айнытпайт. Ал Күрд Демократиялык партиясына жолдогон кайрылуусунда жазгандай, тараптар өз өкмөттөрүн бириктирүү багытында олуттуу иш жүргүзүш керек. Ошондой эле демократиялык жана федералдык Иракты куруу жаатында да бирге иштешмекчи.

Перс булуңундагы 1991–жылкы согушту улай Ирактын күрттөр жашаган түндүк аймагы автономдуу чөлкөмгө айланган. Аларды Саддам Хусеиндин режиминен АКШ менен Британия коргоп келди. Былтыркы согушта да күрттөрдүн куралчан топтору Саддамга каршы коалиция тарабында согушуп жүрдү. Ирактын негизги тайпалары болгон шийи, сунни арабдары жана күрттөр бир мамлекеттин алкагында автономдуу жашаган түзүлүшкө АКШ деле каршы эмес.

Бирок күрттөрдүн мүдөөсү арабдарды жана жергиликтүү түркмөндөрдү кооптондурат. Күрттөрдүн автономия алуусуна Иракка коңшу Түркия да караманча каршы. Жекшембидеги окуянын аркасында күрттөрдүн биримдиги чыңдалса, аларга карата кооптонуулар дагы күчөйт сыяктуу. Маселе бул жерде саясий бийликке гана эмес, өлкөнүн мунай байлыктарын көзөмөлдөө укугуна да байланыштуу. Мунай кендердин көпчүлүгү Ирактын түндүгүндө, арабдар, күрттөр,түркмөндөр да өз шаары катары эсептеген Киркуктун айланасында жайгашкан. Кээ бир эксперттердин пикиринде, жардыруу күрттөр менен башка улуттардын ортосуна шынаа кагуу максатын көздөгөн болушу да мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG