Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:31

Куштардын сасык тумоосунан дагы эки адам өлдү


Куштардын сасык тумоосунан Вьетнамда 18 жаштагы кыз жана Тайландда 58 жаштагы жаран каза тапты. Өткөн жумада коркунучтуу дарттан тайланддык эки бала көз жумган эле.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Вьетнамдагы өкүлү Роберт Дайц өткөн айда көз жумган вьетнамдык эже-сиңдилер канаттуулар сасык тумоосун агасынан жугузуп алышы мүмкүн деген божомолун билдирди:
- Биз эже-сиңдилер кеселди кайдан жугузуп алышы мүмкүн экенин изилдеп жатып, “алар оорууну агасынан жуктуруп алган” деген божомолду четке кага албайбыз. Бул, арийне, Вьетнамдагы башка окуяларга окшобойт. Бул куштардын сасык тумоосу адамдан адамга жукканынын үлгүсү болушу ыктымал.
Кытайда канаттуулардын сасык тумоосуна чалдыккан бешинчи адам катталганын ырасмий Бээжин маалымдады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Ганс Вагнер коркунучтуу дарттын вирусун жайылтпоо үчүн кесел бакма канаттууларды бөлүп, жок кылуу иши өтө жайбаракат жүрүп жатканына уюмдун атынан тынчсыздануу билдирди.
Билдирүү дүйшөмбү күнү Бээжинде жасалды.
Азиянын 10 өлкөсүндө сасык тумоо болгон миллиондогон бакма канаттуулар жок кылынды. Дүйшөмбү күнгө карай бул кеселден кеминде 12 адам каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG