Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Ирандын Көзөмөл кеңеши: “Шайлоо болот!” деп эскертти


Ирандын консервативдүү Көзөмөл кеңеши 20-февралда болчу парламенттик шайлоону кийинге жылдыруу жөнүндөгү өкмөттүн талабын четке какты.
Кеңештин мүчөсү Реза Заварехи: “Иракта согуш болсо же чет элдик күчтөр басып кирген учурда гана шайлоо кийинкиге которулушу мүмкүн”,- деп эскертти.
Өткөн түнү президент Хатаминин өкмөтү шайлоонун эркин жана адилет өтүүсү үчүн шарт түзүлмөйүнчө, саясый өнөктүктү өткөрбөй турууга чакырган.
Жекшемби күнү парламенттин 120 мүчөсү- шайлоодон 80ден көп депутат жана 2,5 миңдей талапкер четтетилгенине нааразычылык иретинде- депутаттык мандаттарынан баш тартышкан. Ушундай эле негизде провинциялардын губернаторлору да отсавкага кетишкенин жарыя кылышкан.
Көзөмөл кеңешинин өкүлү Ахмад Азимзаде мандаттарынан баш тартышкан депутаттар сот жообуна тартылышы ыктымал экенин дүйшөмбү күнү эскертти.

XS
SM
MD
LG