Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Президент Буш мурдагы аскерий эксперт Дэвид Кэй менен кеңешмек болду


АКШ президенти Жорж Буш “согушка чейинки Иракта өзөктүк куралдар болгон” деген маалыматты тактоо үчүн көзкарандысыз комиссия түзө турганын жарыя кылды:
- Биз терроризмге каршы согушта кандай абалда экенибизди жана эмне кылсак жакшы болорун билүү үчүн көз карандысыз, бейтарап комиссияны түзөм.
Буштун айтымында, ал атайын комиссияны түзгөндөн мурда Ирактагы америкалык эксперттердин мурдагы жетекчиси Дэвид Кей менен масилээт курат.
Көзкарандысыз тергөө өткөрүү талабы Дэвид Кей Багдадда кыргын салчу куралдар болгонуна ишенбесин бир нече жолу кайталап айткандан кийин күч алууда.
Британия парламентинин чет элдик байланыштар комитети билдиргенге караганда, Иракта массалык кыргын салчу куралдардын табылбай жатканы, АКШ менен Британиянын террорчулукка каршы согушуна болгон ишенбөөчүлүктү күчөтөт.
АКШ менен Британия Иракка каршы согушту Саддамдын режиминде тыйуу салынган куралдары бар экенине шылтап башташкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG