Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Хельсинки федерациясы Болот Тыналиев жетектеген уюмду тааныбастыгын билдирди


БИШКЕК. «Рамазан Дырылдаев жетектеген «Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитети» эларалык Хелсинки федерациясынын Кыргызстандагы негизги өнөктөшү болгон жана боло берет. Ал эми Болот Тыналиев жетектеген «Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитети» тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык түзүлбөгөндүктөн, биз аларды ырасмий түрдө тааныбайбыз», деген пикирин эларалык адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясынын учурда Бишкекте жүргөн вице-президенти Улрих Фишер билдирди:

- Болот Тыналиев ЕКК уюмунун 1-2-декабрь күндөрү Маастрих шаарында өткөн жыйынында «Хельсинки федерациясынын жетекчилери менен бардык маселени чечтик», деп айтыптыр. Бул - туура эмес. Биз аны менен сүйлөшкөн эмеспиз.

Болот Тыналиев өткөн жылдын 9-декабрында маалымат жыйынын өткөрүп, эларалык Хельсинки федерациясынын жетекчилиги менен сүйлөшкөндүгүн жана алар ал жетектеген комитетти бул уюм ырасмий түрдө тааный тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG