Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Эларалык конференциянын катышуучулары ЕККУнун төрагасына кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. «Кыргызстандын жогорку бийлиги Аксы окуясында чыныгы күнөөлүүлөрдү жазалабай, мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындады. Мындан сырткары «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов саясий себептер менен айыпталып түрмөдө отурат. Ошондой эле «Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин» жетекчиси Рамазан Дырылдаев жогорку бийлик жетекчилерине ачык сын айтканы үчүн куугунтукка алынып, ал жетектеген комитеттин ордуна бийликти колдогон комитет түзүлдү». Мындай мазмундагы кайрылууну 30-31-январь күндөрү Бишкекте өткөн «Борбор Азиянын адам укуктары боюнча милдеттемелери: жетишкендиктер жана милдеттер», деп аталган эларалык конференциянын катышуучулары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Болгариянын Тышкы иштер министри Соломон Пассуга жолдошту. Кайрылуу ээлери ЕКК уюмун келечекте жогорудагыдай маселелерге көңүл бурууга жана Рамазан Дырылдаевдин Бишкекке келиши үчүн анын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө чакырган. Ал эми аткаруу бийлик өкүлдөрү өздөрүнө карата жогорудагыдай сын-баага макул эмес. Алар Аксы окуясы өзүнүн саясий баасын алган деп санашат.

XS
SM
MD
LG