Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Кыргызстанда


БИШКЕК. Учурда Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик департаментинин Европа жана Евразияга жардам көрсөтүү боюнча координатору Карлос Паскуалды бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев кабыл алды. Жолугушууда шайлоо өнөктүгүнө байланышкан маселелер талкууланды. Паскуалдын айтымында, АКШ келээрки президенттик жана парламенттик шайлоонун демократиялык маанайда өтүшүнө кызыкдар. Ал эми Кыргызстандагы шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө АКШдан күтүлүп жаткан көмөктүн өлчөмү канча болоору белгисиз. Паскуалдын айтымында, АКШ Конгресси жакында «Чет өлкөлөргө жардам берүү жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алды. Кыргызстанга көрсөтүлчү жардамдын өлчөмү эми ошол мыйзамга жараша аныкталат. Паскуал Кыргызстанга үч күндүк таанышуу сапары менен 1-февралда келген. Анын эртең вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугаары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG