Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

АКШ ДЕМОКРАТТАРЫ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРИН ТАНДАП ЖАТЫШАТ


Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн шейшембиде АКШнын 7 штатында Демократтар партиясынын ички шайлоолору өтүп жатат. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, сенатор Жон Керри башка атаандаштарынан алдыда келатат. Айрым талдоочулардын пикири боюнча, ноябрдагы президенттик шайлоодо республикачылдар атынан талапкер боло турган азыркы президент Жорж Бушка атаандаш болууга Жон Керринин толук мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүн шейшембиде АКШнын Миссури, Түштүк Каролина, Делавэр, Аризона, Нью-Мексико, Түндүк Дакота жана Оклахома штаттарынын демократтары ноябрь айында президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы, республикачыл Жорж Бушка атаандаш боло турган талапкерди тандашууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча, алгачкы жыйынтыктар көрсөткөндөй, азырынча Массачусетс штатынан сенатор Жон Керри башка атаандаштарын артка калтырып, алдыда келатат.

Жон Керри буга чейин да Нью-Гемпшир жана Айова штаттарында өткөн ички шайлоолордо алдыга озуп чыккан. Ал ирет Жон Керриге Вермонт штатынын мурдагы губернатору Говард Дин олуттуу атаандаш болгон. Буга чейин эле Говард Дин “7 штаттын биринде да алдыга чыкпай калышым мүмкүн, ошондуктан, болгон күчүмдү 7-февралда, ишембиде Вашингтон жана Мичиганда өтө турган добуш берүүлөргө сактап жатам” деп айткан болчу. Жон Керри жана Говард Динден тышкары демократтар атынан мамлекет башчылыгына талапкерлик үчүн ат салышка Түштүк Каролина штатынан сенатор Жон Эдвардс, ардагер генерал Уесли Кларк, Коннектикут штатынан сенатор Жозеф Либерман, конгрессмен Деннис Кучинич жана укук коргоочу Ал Шарптон катышууда.

Си-Эн-Эн жүргүзгөн соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй, эгер ушул тапта президенттик шайлоо өтө турган болсо Жон Керри Жорж Бушту утуп алмак экен. Жон Керринин өзү да президент Жорж Буш азыркы тапта акыркы мөөнөтүн иштеп жатат, анын кайра шайланууга мүмкүнчүлүгү жок деген пикирде:

- Менин бүгүнкү болжолумда, азыркы президент Буш өз атасы сыяктуу эле бир гана мөөнөт иштеп, кызматтан кетет.

Республикачылдар партиясынын өкүлдөрү да президенттик шайлоо Жорж Буш үчүн өтө оор сыноо болоорун болжолдоп жатышат. Анткени, Ирактагы согуштун создугуп кетиши, 2004-каржы жылындагы АКШнын бюджетинин тартыштыгынын дээрлик 500 млрд. долларга чыкканы жана акыркы 3 жылда жумушсуздардын саны 3 миллион адамга көбөйгөнү – оппозициядагы демократтардын чырагына май тамызууда. Атургай, президент Жорж Бушту демократтардын катуу сынынан АКШнын космостогу акыркы ийгиликтери, так айтканда, Марсты бир эле учурда Американын эки марсжүргүсү изилдеп жатканы да сактап кала алган жок.

Жөжөнү болсо, америкалыктар күзүндө санашмакчы.
XS
SM
MD
LG