Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

ШАЙЛОО КОДЕКСИНЕ КОЛ КОЮЛДУ, ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН САНЫ БЕШКЕ ЖЕТТИ, КЫРГЫЗСТАНДЫН 100 БАЙЫНЫН АТЫ АТАЛДЫ


Президентке талапкерлердин саны бешке жетти. Алардын саясий салмагы, калк арасындагы кадыр-баркы, каржылык мүмкүнчүлүгү, кайдан колдоо таап, кимдерге таянары тууралуу божомол кептер арбыды. Президент А.Акаев жаңыланган “Шайлоо кодексине” кол койду. Алдыдагы шайлоонун тартиби, жол-жобосу тууралуу пикирлер да арбын.

Президенттикке талапкерлердин саны бешке жеткенин шейшембидеги “Лица” гезити жазды. Журналист Бермет Букашева “Шайлоого дагы эки жыл бар, атаандаштар бешөө” деген макаласында талапкерлердин ар бирине өз алдынча токтолгон. Аны автордун өз оозунан уксак:

- Мен ойлойм, мына ушу талапкерлердин ичинде К.Бакиев, Ф.Кулов, А.Атамбаев - үчөө эң күчтүү. Эмне үчүн дегенде, К.Бакиев менен Ф.Кулов эң жогорку кызматтарда иштешти. Эркин, таза шайлоо өтсө, талапкерлердин тизмесине түшсө ошол эки талапкер көп добуш алмак. Мен ойлойм, талапкерлердин саны 10 кишиге жетет.

Басылмада Кыргызстандагы 100 байдын тизмеси жарыяланган. Алардын арасында азыркы президенттин агасы Асанкул Акаев, уулу Айдар Акаев, “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов, Ош, Нарын, Ысыккөл облусунун жетекчилери, депутаттар, биртоп министрлердин аты аталган.

“Кыргызстан элдеринин 4-курултайында күтүлгөн сенсация болбой калды”, деп жазат шейшембидеги “Республика” гезити. Басылманын болжолунда ал “күнөстүү Кыргызстандын элинин атынан Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө, төртүнчү президенттик мөөнөткө талапкердигин коюу болчу”. “Жыйынды уюштургандар убактылуу бул маселени козгобой оппозиция менен дүйнөлүк коомчулукту дүрбөтпөй турууну чечкен сыяктуу. Президентти дагы бир мөөнөткө калтыруу сунушу курултайда ачык айтылып кетсе республикага сырттан келчү каржылык жардамдын оозу кан буугандай токтоп калышы деле ыктымал”, деп жазат гезит.

“Кыргызстан элдери ассамблеясынын 4-курултайы өтүп аткан чакта Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укугунун сакталыш абалына арналган эларалык конференция ишин баштады”, - деп маалымдайт Замира Сыдыкова ушул эле гезитте жарыяланган макаласында. Жыйындын катышуучулары кепке алынган чөлкөмдө адам укугу сакталбастыгын, кыйноолор, зордук-зомбулук тыйыла электигин, жарыбаган пенсия, социалдык проблемалардын төөбастысында калган кедейлердин кыйласы диний-экстремисттик уюмдарга кирип жатышканын айтышкан.

Президент А.Акаев Шайлоо кодексинин жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Жаңыланган кодекстин ишке кириши кандай өзгөрүүлөрдү алып келээрине шейшемби күнкү “Агым” гезитинде Эркин Пиримов токтолгон. Автордун маалымдашынча, жаңыланган кодекске ылайык жарым жылдан ашуун чет өлкөдө жашап келген Кыргызстандын атуулу парламентке депутат болуп шайлана албайт. Чет өлкөдө элчилик кызматта жүргөн атуулдардын баары жаңы парламентке депутат боло алышпайт.

Басылмада Кыргызстан элдери ассамблеясынын курултайы тууралуу Айзада Абазованын, Феликс Куловдун ишине байланышкан коомдук талкуу боюнча Маман Карабаевдин “Колхоздун жыйыныбы же жөнжай кепке чогулгандарбы” деген макаласы да жарыяланган.

Шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити башкалаанын “Алатоо” аянтын кайрадан жасалгалап чыгуу конкурсу жарыяланганын, ага бир катар мөмөрчүлөр жамааты катышарын жарыя кылды. өкмөттүн резерв фондунан бул ишке 450 миң сом бөлүнүүдө. Гезиттин маалымдоосуна караганда, борбордук аянтты кайрадан өзгөртүп чыгууга жарамдуу долбоор мурда эле жасалган. “Алтын шар” атын алган ал долбоор боюнча бийик мунара-кароол салынышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG