Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

БОРБОР АЗИЯДАГЫ СУУ-ЭНЕРГЕТИКА МАСЕЛЕСИ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА


Өткөн аптада Казакстан межилисинин депутаттары Кыргызстан менен Өзбекстандагы кесиптештерине кайрылуу кабыл алып, биргелешип Шардара суу сактагычын, анын этегиндеги калк жашаган 30 пунктту суу каптоодон сактап калууга чакырды. Бирок кыргыз депутаттарынын көпчүлүгү ал кайрылуу расмий түрдө келе электигин маалымдашты.

Борбор Азия аймагынын суу-энергетикалык ресурстарын биргелешип пайдалануу маселеси чечилбегендигинен Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан бирдей жабыркап жатат. Маселен, Казакстан менен Өзбекстанды кыш мезгилинде суу каптаса, Кыргызстан болсо газ менен көмүрдү жетиштүү өлчөмдө алалбай жатат. Анын кенемтесин толтуруу үчүн электр энергиясын көбүрөѳк иштеп чыгууга аракеттенип, сууну агызууда. Үч мамлекет бул маселени чечүүнүн жолун таба элек.

Кыргыз тарап аны чечүүнүн эки жолун сунуштоодо. Биринчиси, аймактын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча жыл сайын түзүлүп келген келишимдин негизинде кызматташууну улантуу. Экинчиси, Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин биргелешип куруу менен ашыкча топтолчу сууну ал жерде сактоого шарт түзүү сунушу болуп жатат.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, бул маселени чечүүнүн мындай жолу да бар:

- Биз эки жыл мурда кабыл алынган «Суу жөнүндө» мыйзамда эле бул маселени кандай чечүүнүн жолун сунуштаганбыз. Ал мыйзамга ылайык суу товар катары каралган. Бирок коңшулар сууну товар катары кабыл алууга макул болбой жатышат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын дагы бир депутаты Адахан Мадумаров бул маселени чечүү Казакстан менен Өзбекстандын колунда деп эсептейт:

- «Кышында газды бууп коем, мазутту өткөрбөйм, көмүр ордуна «шламдын» бир тоннасын 31 доллардан сатам» деп Кыргызстанды көп эле чөгөлөтө бербестен, убагында келишим түзүш керек. Мына кечээ жакында Кыргызстанга 20 миң тонна мазут сатуу боюнча келишимге кол коюлуптур. Андай келишимди сентябрь айында эле түзүп, Бишкек ТЭЦине убагында жеткирилсе, маселе ушунчалык курчумак эмес.

Бирок Казакстан менен Өзбекстан, өзгөчө Ташкен суу маселесин энергетика маселесине аралаштырбай, Токтогул суу сактагычын биргелешип башкарып, андагы суунун агымын биргелешип тартипке салуу жолу менен чечүүнү жактоодо. Коңшулардын мындай сунушуна карата “Кыргызстандын электр станциялары» акционердик коомунун жабдууларды иштетүү боюнча борборунун башчысынын орунбасары Алексей Зрянов мындай пикирин билдирди:

- Андай схема бизге жарабайт. Биз биргелешип жаңы ГЭСтерди куруп, ал аркылуу кызматташууну сунуштап жатабыз.

Шардара суу сактагычында түзүлгөн азыркы кырдаалга токтолгон А.Зрянов: «Акыркы күндөрдөгү суукка байланыштуу электр энергиясын көбүрөөк иштеп чыгуу максатында Токтогул суу сактагычынан агызылган суунун көлөмү бир аз көбөйтүлдү, бирок Шардарадагы абалды жеңилдетүү биринчи кезекте Өзбекстандын колунда», - деп билдирди.

«Жаздын келиши менен дарыялар толуп, бир эле Шардара эмес, Сырдарыя жээгине курулган Кайраккум өңдүү башка суу сактагычтардын да коопсуздугуна коркунуч туулат, мунун баары регион мамлекеттеринин суу-энергетика багытында макулдашуусуз иштеп жатышынын кесепети болууда», - деп белгиледи Алексей Зрянов.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG