Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:27

Айгүл гүлүн сактоого арналган жыйын өттү


БАТКЕН. Төрткүл жана Корум коомдук бирикмелеринин "Айгүлдү сактайбыз" деген аталыштагы өнөктөштүк долбоорунун алкагында уюштурулган бул жыйынга областтык бийликтин, Баткен мамлекеттик университетинин, айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана областтык токой чарба башкармалыгынын жана жаратылышты коргоо кызматтарынын башчылары катышты. Сейрек кездешүүчү бул гүл Кыргызстандын Баткен обласынан сырткары дүйнөнүн эки, үч гана өлкөсүндө кездешээри айтылып, аны сактоо жана көбөйтүү жолдору талкууланды. Мындан сырткары Айгүл Баткендеги Айгүл таш тоосунда эле эмес, ага жакын Суубашы жана Лейлек районундагы Катраң айыл өкмөттөрүнүн тоолорунда да өсөөрү белгиленип, гүл өскөн жерлерди корукка алуу маселеси коюлду. Ошондой эле, аталган долбоордун алкагында ал жерлерге саякатчылар үчүн атайын эс алуучу жайлар курулаары айтылды. Ал эми жыйын соңунда гүл өскөн жерлерди эсепке алуу тууралуу токтом кабыл алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG