Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Ооган согушунун аяктаганынын 15 жылдыгы белгиленет


БИШКЕК. 15-февралда Кыргызстанда Ооганстандан акыркы Советтик аскерлердин чыгарылган күнү белгиленет. Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Ооган согушуна Кыргызстандан 7144 адам катышкан. Анын ичинде 252 адам каза болуп, 585 атуул жарадар болуп, төрт атуул дайынсыз жоголгон. Жалпысынан Ооган урушунда Совет биримдигине кирген өлкөлөрдөн 13833 атуул каза болгон. «Ооганчылар» партиясынын төрагасы Акбөкөн Таштанбековдун маалыматына караганда, быйылкы иш-чара өкмөттүн колдоосу менен өткөрүлүп, согуш ардегерлерине ар түрдүү сыйлыктар тапшырылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG