Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Өкмөт жаратылыш кырсыктарын алдын-алуу аракетинде


БИШКЕК. Кыргызстандын жаратылыш кырсыгы күтүлгөн аймактарда 1143 турак үй бар, 181 айыл жайгашкан жер алдынан суу көтөрүлүүдө. Өлкө боюнча 500 жерде көчкү жүрүшү ыктымал. Жаратылыш кырсыгы күтүлгөн учур май айынан августка чейин созулат. Бул тууралуу бүгүнкү өкмөт жыйынында Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев билдирди. Кырсыкты алдын-алуу чараларын талкуулаган өкмөттүк жыйында аткарылчу иштерди ыкчамдатуу зарылдыгы белгиленди. Ал үчүн ириде өкмөт бюджетке киргизилген каражатты кайра бөлүштүрүп, донорлордон кошумча жардам сурамай болду. Буга чейин Азия өнүгүү банкы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине 5 млн. доллар кредит жана 1 миллион доллар грант бөлгөн. Бирок, өкмөт бул каражаттын жетишсиздигин белгилеп жатат.

XS
SM
MD
LG