Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Арам акчага каршы мыйзам кабыл алынышы ыктымал


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны парламенттик жайкы эс алууга чейин арам акчаларга каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, талкуулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орунбасары Кубатбек Байболов маалымдады. Мыйзам долбоору дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдүн башын кошкон FАТS уюму даярдаган арам акчаларды адалдоого каршы 40 сунушту эске алуу менен иштелет. Аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгесин К.Байболов Вена семинарына катышып келгенден кийин көтөрдү. Эларалык семинар Дүйнөлүк банктын программасынын алкагында 24-январдан 30-январга чейин өтүп, ага ондон ашык өлкөнүн банк, юстиция кызматкерлери жана саясатчылар катышты.

XS
SM
MD
LG