Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 02:54

ДОЛЛАРДЫН ТҮШКӨНҮ КЫРГЫЗСТАНГА ПАЙДАЛУУБУ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Өткөн жылдан баштап дүйнөлүк валюта базарында доллардын абалы начарлай түшкөндүгү маалым. Кыргызстанда болсо 1-1,5 жыл мурда 1 доллар 49 сомго жетип турган болсо, ал азыр 41-42 сомду түзүп жатат. Экономикалык талдоочулар доллардын курсунун түшүшүнүн Кыргызстан үчүн оң жагы да, терс жагы да бар экенин айтышууда.

Доллардын курсу быйыл бир аз көтөрүлүп барып - 1 доллардын баасы 44 сомго чейин жетип, кайра түшүп кетти. Азыр ал мурдагыдай 1 доллар 41-42 сом деңгээлинде болуп жатат. Адистер муну январь айында айрым ишканалар сатыкка ири көлөмдөгү долларды чыгарышы менен түшүндүрүшөт:

- Акыркы убакта «Кумтөр оперейтинг компани» 2 млн. доллар сатты. «Инексимбанк» менен «Бакай банк” да биригип, 3 млн. доллар сатышты. Рынокто азыр доллар көп болуп кетти, – дейт «Ысыккөлинвестбанктын» жетекчиси, депутат Болот Байкожоев.

Ушуга байланыштуу азыр алмаштыруучу жайлардын курсу менен Улуттук банктын ырасмий курсунун ортосунда 50-80 тыйын айырма болуп жатат. Ошентип доллардын курсу бул жолу өспөй калды.

Доллардын баркынын кетишинен, албетте,биринчи кезекте ким бош акчасын доллар менен жыйса, ошолор зыян тартат. Бирок, анын таасири аны менен эле чектелбейт. Экперттердин билдиришинче, доллардын кыргыз экономикасына тийгизген таасири ар тараптуу болуп, бир бүтүм чыгаруу кыйын. Доллардын курсу экономикага биринчи кезекте тышкы соода аркылуу таасир берет.Адистердин айтымында, Кыргызстан бул бул жагынан утат:

-Албетте, утат. Импорт бизге арзаныраак түшөт. Сом менен өлчөгөндө, арзан долларга товар көбүрөөк келет,- дейт Коммерциялык банктар ассоцациясынын төрагасы Абдыкалый Иманалиев.

Кыргызстандын тышкы карызынын көпчүлүгү доллар менен өлчөнгөндүктөн, азыр тышкы карызды төлөө бир аз жеңил болуп жатат. Бирок сомдун курсунун күчөшү негизинен Кыргызстан үчүн жакшы эмес.

-Бирок, стратегиялык жактан бул - биз үчүн туура эмес саясат. Стратегиялык жактан алганда сомдун курсун кичине түшүрүп, экспорттук ишканалардын өнүгүшунө жана жумушчу орундардын ачылышына шарт түзүү зарыл болчу. Бирок социалдык абал начар болгондуктан сомду түшурүш кыйын болуп жатат. Сом түшсө күйүүчү май кымбаттайт. Өлкөгө импорт болуп келген товарлардын баары кымбаттап кетет. Биз азыр туткунда калдык ,– дейт Абдыкалый Иманалиев.

Cомдун баркынын өсүшү менен Кыргызстандын ишканалары өздөрүнүн чет өлкөлүк базарда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогото баштады. Бул жанданып келе жаткан экономиканы кайра артка тартуу менен барабар. Бирок Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов ага кошулбайт:

- Чынында эле алмашуу курсунун күчөшүнүн экспорттук дараметке тийгизген таасири бизди тынсыздандырат. Биз тиешелүү маалыматтарды чогултуп, премьер-министрден баштап, мындай коркунуч жөнүндө айтып жүргөндөргө чейин кеңешип, талкуу өткөрүп жатабыз. Бирок биз бул коркунуч бар экенин далилдеген маалыматтар жок деп эсептейбиз.

Улуттук банк Орусия, Казакстан өндүү өзүнүн соода өнөктөштөрүнүн валюта кустарын дайыма эске алып жатат.
XS
SM
MD
LG