Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Германия Гамбургдагы пациент канаттуулар сасык тумоосу эмес, кадимки эле сасык тумоону жугузуп алганын билдирди


ГАМБУРГ. Германиянын өкмөтү Гамбургдагы пациент канаттуулар сасык тумоосу эмес, кадимки эле сасык тумоону жугузуп алганын билдирди. Гамбург шаарынын дарыгерлеринин айтымында, Тайланддан жаңыдан кайтып келген аялда канаттуулар сасык тумоосунун вирусу табылган жок. Акыркы жумаларда бул коркунучтуу оорудан Азия өлкөлөрүндө, бери дегенде, 12 киши каза болду, алардын ону - Тайланддын тургундары. Ооруну ооздуктоо максаты менен бүгүн Римде эл аралык жыйын өткөрүлүүдө. Римдеги жыйынга катышып жаткан Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму дүйнө коомчулугун коркунучтуу вирусту жайылтпоо үчүн биргелешип чара көрүүгө чакырды. Канаттуулар сасык тумоосунун кишилердин арасында жайылып кетүүсүнөн кооптонгон Азия өлкөлөрү үй канаттууларынын тукумун курут кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG