МЕКЕ. Бүгүн Сауд Арабияда ажылык зыяраты соңуна чыгууда. Жекшемби күнү “шайтанга таш атуу” жөрөлгөсүнүн учурунда 250дөн ашык мусулман тепсендиде калып, курман болгон. Анын эртеси ушундай эле тополоң кайталанып, дагы ончакты киши жаракат алды. Быйылкы ажылык зыяратына 2 миллиондон ашык киши катышты, алардын 272си ар түрдүү оорудан каза табышты.