Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Еврокомиссия Иранда боло турган шайлоо эркин жана адилет болооруна үмүттөнөт


БРҮССЕЛ. Еврокоммиссия Иранда боло турган парламенттик шайлоо адилет жана эркин болоорунан үмүт кылат. Ирандын бир топ реформачыл саясатчыларынын 20-февралга белгиленген шайлоону бойкоттоо чечимине комментарий бербегени менен Еврокомиссиянын өкүлү Эмма Удвин:

- Биз Ирандагы окуяларга кылдат байкоо жүргүзүп жатабыз. Шайлоонун адилет жана эркин болуусу өтө маанилүү, ошондуктан биз Ирандагы ар түрдүү партиялардын мунасалуу пикирге келип, шайлоо Иран элинин чыныгы каалоосун чагылдыраарына үмүттөнүп жатабыз, - деди.

Беймаалым калууну каалаган дипломатттардын бири уюм Ирандын ички ишине кийлигишүүдөн сактанып жатканын айтты. Ошону менен катар дипломаттын айтымында, март айында уюм Иран менен орток сооданы жандантуу жана адам укуктарына байланышкан маселени талкуулаганы жатат. Жакын арада БУУнун Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттиги Ирандын куралдары жөнүндө отчет берет.

XS
SM
MD
LG