Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Өзбекстан тыйуу салынган диний уюмдун 700 мүчөсүнө мунапыс жарыялады


ТАШКЕНТ. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов тыйуу салынган уюмдун 700дөй мүчөсүнө мунапыс жарыялады. Президенттин жардамчысы Зухриддин Хуснидинов бүгүн журналисттерге берген маалыматында, өкмөттүн дин иштери боюнча кызматы бошотулган түрмө туткундарына көзөмөл жүргүзүп, аларды жумушка орноштурууга жардам бере турганын билдирди. Хусниддинов өткөн жылы мунапыс боюнча бошотулган 400 исламдык активисттин үчөө гана мурдагы ишин улантууга аракет кылышканын айтты. Кеңешчи мунапыс кайсы диний уюшмалардын мүчөлөрүнө берилээрин айткан жок. Жумуриятта Өзбекстандын Исламдык Кыймылы менен Хизб ут-Тахрир уюмуна тыйуу салынган. Укук коргоочулар бул эки уюмдун миңдеген мүчөлөрү түрмөдө жатышканын айтышат.

XS
SM
MD
LG