Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Ирактагы ок атышууда бир полициячы курман болду


КЕРБАЛА. Бүгүн Ирактын Кербала шаарынын айланасында болгон ок атышууда бир ирактык полициячы курман болду. Ал эми Арбил шаарында жекшемби күнкү террордук чабуулда курман болгондордун арбайына багышталган аза күтүү өткөрүлүүдө. Аза күтүү жөрөлгөлөрүнө миңдеген кишилер катышып жатат.
Анын аралыгында, Кошмо Штаттарынын аскердик жетекчилиги Саддам Хусейин жашынган үңкүрдү жаба турганын билдирди. Андан мурдараак америкалык тарап үңкүр өзүнө туристтерди тарткан жай болуп калышы ыктымал деген санааркоосун билдирген.

XS
SM
MD
LG