Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

КЫЛМЫШТЫН САНЫ ЧЫН ЭЛЕ АЗАЙДЫБЫ?


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 2003-жылы өлкөдө кылмыштын саны мурдагы жылга салыштырмалуу аз болду. Мындай бүтүм министрликтин 28-январда өткөн коллегиясында чыгарылды.

Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын жетекчиси Макен Турдугуловдун айтымында, кылмыштын саны былтыр 2002-жылга салыштырмалуу 4,2% аз болду. Катталган кылмыштардын 83% бети ачылды. Экономикалык кылмыштарды ачуу да мурдагы жылга салыштырмалуу 4,6% көбөйдү. Так айтканда, 156 миллион сомдук зыян алып келген экономикалык кылмыштын бети ачылды жана жең ичинен кытылган каражаттын 53% мамлекетке кайра кайтарылды.

Ал эми министрликтин кылмышты иликтөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жакиповдун айтымында, былтыр өткөн жылдарга караганда уюшкан кылмыштуу топтор көбөйүп кетти. Маселен, 2002-жылы уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан 2981 кылмыш жасалса, өткөн жылы анын саны 3167 болду. Кылмыш жасоодо “Калашников” автоматын, ар кандай маркадагы тапанчаларды колдонуу күч алды. Мындай куралдарды колдонгон уюшкан топтор, айрыкча, өткөн жылдын октябрь, ноябрь айларында алты кишини мыкаачылык менен өлтүрүүгө барышты. Жеңиш Жакиповдун айтымында, уюшкан кылмыштуу топтордун көбөйүшүнүн себеби төмөнкүчө:

- Себеби, соттолгондор өзүнчө, спортсмендер өзүнчө кылмыш топторун уюштурган фактылар болуп жатат. Анан башка жерден келген кылмыштуу топтор кошулуп, азыр Чүй өрөөнүндө уюшкан алты кылмыштуу топ бар. Андан башка түштүктө да бир канча топтор бар.

Өткөн жылы Кыргызстанга эларалык коомчулуктун көңүлүн бурган оор кылмышты - Бишкек-Торугарт автожолунда Кытайга бараткан автобусту 21 жүргүнчүсү менен өрттөп жиберген кылмышты тергөө убактылуу токтотулду. Буга кылмыштын толук ачылбай жаткандыгы башкы себеп болду. Бирок, кылмышты иликтөө башкармалыгы Кытайдын, Казакстандын жана Интерполдун адистери менен бирдикте иликтөөнү дагы эле жүргүзүп жатат. Ал тууралуу Жеңиш Жакипов мындай маалымат берди:

- Биздин башкы башкармалык жана жер-жерлердеги облустук ички иштер башкармалыктары тарабынан бир топ аракеттер жасалууда. Кытайдын Абдунаиби Абляп жана Духити Турсун деген атуулун издөө жарыяланды. Бүгүнкү күндө аларды таап, кылмыштын бетин ачканга аракет кылып жатабыз.

Жеңиш Жакиповдун айтымында, эларалык издөө жарыяланган Кытайдын бул эки атуулу Кыргызстан менен Казакстанга бир нече жолу келгени жана акыркы ирет Кытайлык соодагерлерди өлтүрүү максаты менен келгендиги аныкталган. Кыргызстан менен Казакстандын тергөөчүлөрү бул эки өлкөдө аларга жардамдашкан адамдарды табуу аракеттерин көрүп жатышат.

Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматынын башчысы Бердибек Жакыпбаевдин айтымында, өткөн жылы 259 милиция кызматкеринин мыйзамсыз ишке баргандыгы аныкталып, анын 110у кылмыш иши катары ачылган. Алардын жетөө сот жообуна тартылып, 43 иштен чыгарылды. 70 милиция кызматкеринин мыйзамсыз ишке баргандыгын министрликтин өздүк коопсуздук кызматы аныктады.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн мына ушундай пикирлерине караганда, тартип коргоо кызматкерлери өткөн жылды ийгилик менен аяктады. Бирок, коомдо “кылмыштуулуктун азайышына милийса таасир берген жок жана алар бардык кылмыштардын бетин толук ачууга аракет кылалбады” деген көз караштар арбын. Андай ой ээлеринин бири, Болот Тыналиев жетектеген адам укуктары боюнча комитеттин төрага орунбасары Мамасадык Жакишевдин пикири боюнча, министрлик майда кылмыштардын гана бетин ачып, экономикалык ири кылмыштарга барган жогорку мамлекеттик кызматкерлердин атын атоого даай алышпайт:

- Кылмыштуулукка жогорку кызматта тургандардын өздөрү аралашкан. Ошон үчүн өздөрүн өздөрү ачпастан майда-чүйдө кылмыштардын гана бетин ачып коюп жатышат. Өтө оор, мафияга байланышкан кылмыштардын бетин алар ачышпайт. Анткени, алардын ичинде жогорку бийликте турган адамдардын өздөрү бар.

Укук коргоочу М. Жакишевдин айтымында, буга башкы тоскоолдук тартип коргоо органындагы коррупция болууда:

- Башка жагын айтпай эле койолу, милициянын ичинде бир орундан экинчи орунга которууга, кызматтык даража алууга акча берип, орунга туруп, даража алып жатышпайбы…Бул - милициянын өзүнүн ичиндеги коррупциянын далили.

XS
SM
MD
LG