Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

АЯЛДАР АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТТЫН ЖӨРӨЛГӨЛӨРҮН ЭРКЕКТЕР МЕНЕН БИРДЕЙ ШАРТТА АТКАРЫШАТ


Бүгүн Сауд Арабияда ажылык зыярат жыйынтыкталууда. Быйыл ага катышкан эки миллиондой мусулмандын арасында миңдеген аялдар да болду. Айрым чектөөлөрдү гана эске албаганда, ажылык зыяраттын жөрөлгөлөрүн аялдар эркектер менен бирдей шартта аткарышат.

Мусулман пендесинин беш парзынын бири болгон ажылык зыяратка аялдардын да барышы азыр өөн учурабай калган көрүнүш. Заман өзгөргөн сайын жол азабынын жеңилдеши өз кезегинде ажылыкка каттагандардын, анын ичинде аялдардын санынын көбөйүшүнө да алып келди.

Астана шаарындагы мечиттин имамы Калимжан Жанкоевдин айтымында, маселен Казакстандан ажылыкка бир нече ирээт барган аялдар бар:

- Мен билгендей, быйыл Астандан жашы 70терге таяп калган аял киши ажылык зыяратка тогузунчу ирээт кетти. Аны менен аңгемелешкенибизде уул-кыздары урматтап жиберип жатканын, ажылыкка бир барган киши кайта–кайта баргысы келээрин айтты.

Зыяратчылардын саны жыл өткөн сайын өсүп жатканын Саудия тараткан расмий маалыматтар да ырастайт. Алсак быйылкы зыяратчылардын саны Саудия бийликтеринин эсеби боюнча 1 миллион 892 миң 700 адамга жетти. Алардын 1 миллион 400 миңден ашууну четтен келгендер, калганы жергиликтүү тургундар. Зыяратчылардын арасында миңдеген аялдар бар экени анык, бирок алардын саны тууралуу тагыраак маалыматты таба албадык.

Анткен менен быйылкы зыяраттын үчүнчү күнү - жекшембиде Мина өрөөнүндө "шайтанды таш бараңга" алуу жөрөлгөсү учурунда орун алган кырсыкты аялдар ажылыктын кооптуу делген жөрөлгөлөрүн да эркектер менен бирдей шартта аткарууга артыкчылык берээрин күбөлөндүргөн окуя деп атаса болчудай. Анда зыяратчылардын сыгылышуусунан улам 251 адам тебелендиде калып көз жумган эле. Саудия бийликтери билдиргендей, каза тапкандардын 111и аялдар экен.
Зыяраттын жол–жобосун билгендердин айтымында, ажылыкка барган аялдар "шайтанды таң бараңга алуу" жөрөлгөсүн аткарууну эркектерге тапшырса болот, бирок алардын көпчүлүгү бул кооптуу делген жөрөлгөнү да өздөрү аткарууну каалашат.

Анын үстүнө зыяратчылардын баары окшош кийимди - икрамды кийгенден кийин алардын ким экени мааниге ээ эмес. АКШдагы мусулман уюмдардын биринин жетекчиси, ажылыкка сегиз жолу барган Хасан Ибрагим мындай дейт:

- Сиз зыяратчынын бай же кедей экенин, өз өлкөсүнүн кайсы тобунан же уруусунан экенин көрбөйсүз. Жогорку деңгээлдеги теңчилик - биринчи кезигүүчү нерсе.

Бирок аялдар үчүн ажылык зыяраттын учурунда айрым чектөөлөр да жок эмес. Маселен, зыяратка келген аялдарды, өзгөчө алардын жаштарын сөзсүз эркек адам: зыяратчынын күйөөсү, бир тууганы же атасы коштоп жүрүшү керек. Алар денесинин бетинен башка бөлүгүн жаап жүрүүгө да милдеткер. Жалпысынан
Саудиянын мечиттеринде куран же намаз учурунда аялдар үчүн өзүнчө жайлар каралган. Бирок Каабадагы чоң мечитте зыяратчы аялдар менен эркектердин катарлаш олтуруусуна жол берилет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG