Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Европанын Кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын делегациясы Ташкенде укук коргоочулар менен жолугушту


Өткөн жылы Банк өзбек бийликтерине адам укуктарын жакшыртуу, сөз эркиндигин кеңейтүү жана соода тоскоолдуктарын жоюу талаптарын койгон эле.
Укук коргоочу активисттер ЕБРРдин өкүлдөрүнө абактагыларды кыйноону токтотуп, оппозициячыл партияларды каттоодо жылыш болбогонун билдиришти.
Жолугушуудан кийин банктын баш катчысы Жонни Акерхольм кабарчылар менен жолугушуп, делегаттар чогулткан маалыматтардын негизинде Өзбекстанга карата мындан аркы саясат аныкталаарын айтты. Европалык банк - Борбор Азия өлкөлөрүндөгү чет элдик ири инвесторлордун бири.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG