Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

ПАКИСТАН ӨЗӨКТҮК КУРАЛДЫ ТЫМЫЗЫН САТУУГА БАЙЛАНЫШТУУ ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯНЫ ИЛИКТӨӨДӨ


Пакистандын президенти Первез Мушарраф өзөктүк куралдарды таркатпоо тууралуу келишимдин одоно бузулушу менен байланыштуу чуулгандуу окуяга кабылды. Пакистандык төрт атуул өзөктүк технология маалыматын башка бир өлкөгө тымызын өткөргөн деп айыпталууда. Алардын арасында “исламдык өзөктүк бомбанын атасы” катары таанымал Абдул Кадыр Хан да бар.

Расмий Исламабад өзөктүк технология менен байланыштуу жашыруун маалыматты башка өлкөлөргө (Ливия, Ирак жана Түндүк Кореяга) тымызын сатып жиберген деген доо боюнча камакка алган төрт атуул эми кылдат тергөө үчүн дагы үч айга абакта кармалмакчы. Кармалгандардын экөө - белгилүү окумуштуулар деп кабардалууда.

Өлкөнүн өзөктүк программасынын жетекчиси Абдул Кадыр Хан жашыруун маалыматты башка бир мусулман өлкөсүнө бергени тууралуу өзүнө карата тагылган доону четке какканы айтылууда, бирок бул кабар расмий тастыктала элек. Өткөн аптада Абдул Кадыр Хан премьер-министрдин илим тармагындагы кеңешчиси кызматынан алынган.

Бирок, серепчилердин айтымында, пакистандык илимпоздор мындай олуттуу мыйзам бузууга коопсуздук кызматтарынын, аскер жетекчилигинин айрым өкүлдөрүнүн колдоосу жок шартта бара алышы мүмкүн эмес эле.

Айтмакчы, Абдул Кадыр Хан – Пакистандагы тегин кишилерден эмес. Ал - өзөктүк курал өндүрүүдөгү ийгилиги үчүн улуттук баатыр катары кадыр-баркка ээ болгон, ал түгүл “исламдык бомбанын атасы” катары даңазаланган инсан.

Айрым бир кабарларга караганда, Абдул Кадыр Хан өзү бул кадамга аргасыз барганын тергөө маалында кыйыткан. Анын айтымында, ал өлкөнүн мурдагы аскердик штабынын жетекчилери генерал Аслам Бег менен генерал Жахангир Караматтын кыйыр айтылган буйругун аткарууга мажбур болгон имиш. Бег мырза бул доону өзүнө жууткан жок. Бирок, жергиликтүү серепчилердин оюнча, эгерде Мушаррафтын өкмөтү мурдагы аскер башчыларын тергөөгө албачу болсо, анда расмий Исламабад бул чуулгандуу ишке чекит койо албасы да түшүнүктүү болуп калгансыды.

2001-жылы ноябрда АКШнын Коргоо катчысы Доналд Рамсфелд Пакистандын коңшусу жана өзөктүк жарыштагы атаандашы Индиянын ордо шаарында чыгып сүйлөп, өзөктүк куралдарды жайылтпоо жаатында бул эки коңшу өлкөгө ишенээрин айткан:

- Менин жеке өзүм өзөктүк куралга ээ мамлекеттер коркунуч туудурат деп эч шектенбейм. Менимче, бул өлкөлөр өздөрүнүн өзөктүк куралдары жаатында абдан эле кылдат болууда. Алар бул куралдардын коопсуздугун натыйжалуу сактайт деп ойлойм.

Эми Доналд Рамсфелд түгүл, Первез Мушаррафтын өзү да пакистандык расмий чөйрөдөгү тымызын топко алданып калганы айгинеленди көрүнөт.

Нью-Йорктогу Тышкы байланыштар кеңеши аттуу изилдөө борборунун өкүлү Жудит Киппер айым бул чуулгандуу окуя көз карандысыз иликтөөгө алынышы керектигин айтат:

- Бул окуя дурустап тергөөгө алынууга тийиш. Анткени, биз Ирак боюнча жаңылган болсок, эми Пакистан боюнча да калпыстык кетирсек, деги анда биз башка дагы кайсы жаңылыштыкка жол койдук экен?

Айтмакчы, Пакистандын коомчулугунда эгерде Абдул Кадыр Хандын өзөктүк технологияны кайсы-бир мусулман өлкөсүнө сатканы тастыкталса, ага деле көз жумду мамиле кылуу керек, анткени ал “мусулман өлкөлөрүнүн Батышка жана Израилге каршы айбаттуу турушу үчүн көмөкчү болуп жатпайбы” деген пикирди туткандар да арбын.

Коррупцияга белчесинен баткан делген өлкөлөрдүн бири катары сынга алынып жүргөн Пакистанда калайыктын бир бөлүгү үчүн өкмөттүк мүлктү, казыналык бир нерсени “жең ичинен” сатуу айып эмес, кадыресе эле көрүнүштөй кабыл алынат.

Эми Мушаррафтын өкмөтү бул чуулгандуу окуяны адилет жана кылдат тергөөгө ала алаар бекен? Пакистандык ардагер аскер кызматчысы Шаукат Кадырдын айтымында, дал ушул тергөөнүн жүрүшү Мушаррафтын өзүнүн жүзүн элге көрсөтмөкчү.
XS
SM
MD
LG