Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

ИРАНДАГЫ САЯСИЙ КРИЗИС


Нарын АЙЫП, Прага Ирандагы саясий кризис уланууда. Өлкөнүн руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи 3-февралда президент Мохаммад Хатами менен жолугуп, парламенттик шайлоону мурда белгиленгендей 20-февралда өткөрүүгө буйрук берди. Студенттер жана реформачыл саясатчылар шайлоону бойкоттоого чакырууда.

Ирандагы кризис январ айынын башында чыккан, анткени өлкөнүн Көзөмөлдөө кеңеши 20-февралда өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн 3600 адамды шайлоо өнөктүгүнөн четтетип салган. Алардын арасындагы сексенден ашык талапкер - азыркы парламенттин депутаттары. Депутаттар да, кээ бир саясий партиялардын мүчөлөрү дагы каршылык көрсөтүп, өлкө жетекчилигин сынга алгандан кийин, Көзөмөлдөө кеңеши 1160 талапкер боюнча чечимди өзгөртүп, аларга шайлоого катышууга уруксат берген, бирок 2400 талапкер баары бир шайлоого катыша албайт. Алардын арасында парламент төрагасынын орун басары, президенттин иниси Мохамад Реза Хатами да бар.

Акыркы апталарда өлкөдөгү каршылык аракеттери күчөп, студенттер жана кээ бир саясий партиялар шайлоону бойкоттоо керек деп чыкты жана жетекчиликтин саясатына каршылык билдирип, парламенттин жүздөн ашык депутаты кызматтарынан чегинди. Спикер Махди Карруби ал тууралуу 1-февралда минтип айткан: "Бир жүз тогуз депутат кызматынан чегингени тууралуу азрыздарды ар ким өз алдынча тапшырганын биз расми түрдө жарыялайбыз. Бул биз үчүн гана эмес, бүткүл жетекчилик жана эл үчүн дагы кейиштүү окуя".

Парламенттин жетимишке жакын депутаты президент Мохаммад Хатамиге кайрылып, мындай кризис учурунда шайлоону 20-февралда өткөрбөстөн, кийинкиге калтырууну сунуштаган. Хатами жана анын өкмөтүнүн бир топ мүчөсү шайлоо ачык жана адилеттүү өткөрүлөт деп бир нече жолу убада берген, бирок ал убаданы аткарууда бир топ кыйынчылыктарга такалууда.

Шайлоону качан өткөрүү маселесин Көзөмөлдөө кеңеши гана чечет. Анын ар бир мүчөсүн өлкөнүн руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи дайындайт, ошондуктан үч миң талапкерди шайлоодон четтетүү тууралуу Кеңештин чечими Хаменеинин жактыруусу менен кабыл алынган деп айтканга негиз бар. Анткен менен кээ бир саясатчылардын пикиринде, маселени аятолла Хаменеи өзү оң чече алмак. Бирок 3-февралда Хаменеи президент менен жолугуп, шайлоону мурда белгиленгендей 20-февралда өткөрүүгө буйрук берди. Жолугушууга парламент спикери Карруби да катышты.

4-февралда президент Хатами өкмөт жыйынын өткөрүп, маселени талкуулады жана талкуу 5-февралда дагы уланат. Депутат Али Акбар Мусави Хоэйни болсо 4-февралда студенттер менен жолугуп, маселенин баары аятолла Хаменеиде жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, реформачыл саясатчыларды шайлоого катыштырбоо идеясы дагы Хаменеиден чыккан жана Көзөмөлдөө кеңеши жөн гана анын буйруктарын аткарууда.

Президентке баш ийген Ички иштер министрлиги студенттерге 4-февралда каршылык демонстрация уюштурууга уруксат берген жок, студенттер болсо университеттердеги сабактарды бойкоттой турганын айтууда. Реформачыл саясатчылар студенттерге кайрылып, кеңири каршылык акцияларын өткөрүүдөн карманып турууну суранды, анткени анда өлкөдө ачык куугунтуктоо башталышы мүмкүн. Былтыр июн айында студенттер - университеттерди жеке менчикке өткөрүү тууралуу чечимге каршы чыгып, бир нече демонстрация уюштурганда, бийлик аларды күч менен басып салган.

Ирандагы негизги маселе - өлкөдө эл тарабынан шайланган парламент жана президент болгону менен, бардык негизги маселелер бир гана адам жана ошол адам дайындаган жетекчилер тарабынан чечилип жаткандыгында. Мындай абалда шайланган жетекчилик - жөн гана эл аралык коомчулукка көрсөтүлө турган көшөгө. Реформачыл депутаттары көп азыркы парламент 2000-жылы шайланган жана төрт жыл ичинде бийликтин башын бир топ оорутту.
XS
SM
MD
LG