Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРМАГЫНДА БАШКАРУУ РЕФОРМАСЫ КАНДАЙ ЖҮРҮП ЖАТАТ?


Азиза Турдуева, Бишкек Мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоого өкмөт эл аралык уюмдардын көмөгү менен 1990-жылдардын башында киришкен. Ал бүгүн кандай тыянакка алып келди. Өксүктөрү эмнеде?

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоонун биринчи баскычы 1990-жылдардын башынан 2003-жылга чейин улантылды. Административдик реформанын биринчи баскычында өлкөдө Эсептөө палатасы түзүлдү, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдар кабыл алынды, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары түзүлдү, инвестициялдарды тартууга бөгөт койгон бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу өңдүү аракеттер көрүлдү.

Мамлекеттик башкаруунун экинчи баскычы 2008-жылга чейин улантылат. Анын негизги максаты: өлкөдө мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо, алардын атуулдук коомдун алдында жоопкерчилигин, мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу тармагына жумшалган каржаттын көлөмүн азайтуу.

Мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоодогу негизги иш-чаралардын бир өңүтү жогоруда белгиленгендей, министрликтердин, тармактардын ичиндеги бири-бирин кайталаган бөлүмдөрдү кыскартуу, алардын айрымдарын ирилештирүү болуп эсептелет. Биз кайрылган айрым министрликтердин жетекчилери административдик реформанын алкагында негизинен ушул багытта иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдашты.

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Роза Акназарова бул маселе боюнча:

- Министрликте тең салмакташтырууга көңүл буруп атабыз. Анткени, буга чейин департаметтерде өз өзүндө бухгалтериялар бар эле, алардын баары борбордук аппаратка бириктирип жатабыз. Облустарда бөлүмчөлөр өз-өзүнчө иштешчү, аларга да бир жетекчи коюп атабыз, айрым департаменттердин бирин-бири кайталоолор бар эле, аларды да кыскартып атабыз, кээ бирлери жоюлуп жатат.

Каржы министри Болот Абилдаев да кызматкерлердин санын кыйла кыскартылгандыгын айтат:

- Административдик реформанын биринчи баскычында чоң өзгөрүүлөр болду. Функционалдык анализ жүргүзүү менен, өткөн жылы 59 кызматкерди кыскарттык. Каржы жагынан үнөмдөө алдык. Кээ бир бөлүмдөрдүн функциялары өзгөртүлүп жатат. Алдыда бул багытта иштерди улантабыз.

Бирок, айрым пикирлерге караганда, Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу реформасы кызматкерлердин санын кыскартуу менен гана чектелүүдө. Ошондуктан, бул тармактагы реформанын алкагында анын негизги максаттарын ишке ашыруу, башкача айтканда, мамлекеттик бийликтин ишин ачык-айкын жүргүзүү, чиновниктердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иштерге көңүл буруу зарыл.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйнынын депутаты Өмүрбек Текебаев мындай дейт:

- Мынча структура, мынча кызматкер кыскартылды деген мамлекеттик башкаруу тармагындагы реформанын маңызын түзбөшү керек. Бүгүн кыскартылганы менен, ал бир нече айдан кийин эле кайра толуп калып атат. Штаб кыскартуу, реорганизация иштерин жетекчилер өздөрүнө караштуу адамдарды алып, айрымдарын кызматынан бошотуу ыкмасы катары пайдаланууда. Бизде мамлекеттик башкаруу системасы башынан аксап келүүдө. Анткени, бир нече жолу катары менен болгон референдумдарда президент өзүнө чексиз бийликти жыйнап, бирок, жоопкерчиликти алган эмес. Ошонун кесепетинен бизде аткаруу бийлигинин жоопкерчилиги жок, кабыл алынган мыйзамдар иштебейт.

Эксперттердин пикирлеринде, Кыргызстанда экономикалык тармактагы реформаларга салыштырмалуу мамлекеттик башкаруу тармагындагы реформалар кыйла артта калууда. Мамлекеттик башкаруу тармагындагы реформаларга карабастан, республикада бюрократия жана коррупция күч алууда. «Ал эми бир катар жаңы органдардын түзүлүшү, алардын ичинде Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин, Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин түзүлүшү да мамлекеттик башкаруу тармагындагы терс көрүнүштөрдү жоюуга алып келишине ишеним жок» дешет көз карандысыз эксперттер.

Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу тармагындагы реформаны жүргүзүүгө Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүгүү Банкы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, Европа Биримдиги жана башка эл арлык уюмдар каржылык жактан көмөктөшүүдө.
XS
SM
MD
LG