ТЕГЕРАН. Пакистандын өзөктүк куралдар боюнча ири окумуштууларынын бири Абдул Кадир Хан кеңири кыргын салуучу куралдар боюнча маалыматтарды буга чейин Иранга, Ливияга жана Түндүк Кореяга сатып келгенин мойнуна алгандыгы айтылууда. Пакистан өкмөтүнүн тараткан маалыматы боюнча, президент Первез Мушараф менен жолуккан учурда Абдул Кадир Хан чеки иш кетиргенин мойнуна алып, Пакистандын мыйзамдарын бузуп, бул кадамы менен өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтиргени үчүн ырайым кылууну сураган. Бул тууралуу өкмөттүк булак билдирди.
Абдул Кадир Хан – Пакистандын өзөктүк куралдар боюнча программасынын атасы деп эсептелет. Ал кеңири кыргын салуучу куралдарга байланыштуу чуу чыкканга чейин кеңешчи катары Пакистан өкмөтүндө иштеп келген.