Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Жон Керри дагы 5 штатта утуп чыкты


ВАШИНГТОН. Кошмо Штаттарында быйыл ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо сенатор Жон Керри азыркы президент Жорж Бушка атаандаш болушу толук ыктымал. Кечээ – шейшембиде АКШнын жети штатында өткөн Демократтар партиясынын ички шайлоосунун жыйынтыгында 5 штатта сенатор Жон Керри алдыга чыкты.
- Эми биз бул шайлоо өнөктөгүн Американын башка штаттарында да мындан да күчтүү, мындан да адилет жана мындан да ийгиликтүү ишке ашырабыз. Бирок, биз андай ийгилик өзүнөн-өзү эле келип калат деп ойлобойбуз. Биз баардык жерде атаандаштыкты түзүп, ноябрда Жорж Бушту жеңип чыгабыз, - деди Жон Керри. Ал буга чейин да Айова жана Нью-Гемпшир штаттарында жеңип чыккан болчу.
Сенатор Жонн Эдвардс менен ардагер генерал Уэсли Кларк бирден штатта жеңишке жетишти.

XS
SM
MD
LG