Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Нарындык фермер сотторго нааразы


БИШКЕК. Нарын облусунун Кочкор районундагы «Бейшеналы» фермердик чарбасынын өкүлү Калиса Бейшеналиева 5-февралда өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгып, ачкачылык жарыялайт. Ал бул тууралуу «Азаттык» радиосуна бүгүн билдирди. Анын айтымына караганда, нааразылык акциясына баруусуна Кыргызстандагы сот системасынын акыйкатсыздыгы жана адамдык укугунун басмырланганы түрткү болду. Калиса Бейшеналиеванын айтымында, фермердик чарбага 1995-жылы менчикке берилген 1760 сомдук кашар 1997-жылы чарбанын ошол кездеги директору Базаркул Маматаев тарабынан мурда чарбада иштебеген башка атуулга сатылып, эки тараптын соттошуусуна түрткү болгон. «Бул иш райондук соттон Конституциялык сотко чейин 22 жолу каралганы менен, акыйкат чечим чыгарылган жок», - дейт Калиса Бейшеналиева. Ал ошондой эле үч күн ачкачылык жарыялап, анан өзүн-өзү өрттөөгө чейин барарын билдирди. Ал эми Нарын облустук соттун төрагасы Рапылбек Мураталиевдин айтымында, Нарын облустук соту аталган ишти башка облустук соттун кароосуна берүүнү өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылган. Ошондуктан, төрага “сот акыркы чечим кабыл ала электе анын чечимдерин акыйкатсыз” деп баалоо эртелик кылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG