Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Оштогу маалымат-ресурстук борбору тонолду


БИШКЕК. Бүгүн түнкү саат үчтөрдө Ош шаарындагы ресурстук маалымат борборуна белгисиз бирөөлөр кирип, борбордун жалпысынан 5 миң долларлык компьютердик каражаттарын уурдап кетишти. Мындай маалыматты бүгүн «Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана журналисттерди коргоо» фондунун президенти Алишер Токсонбаев таратты. Ал маалыматка караганда, борбордун кеңсесине бетине кап кийген эки адам кирип, кароолчусун сабап, журналисттер жазган маалыматтар кайда сакталаарын талап кылышкан. Борбордун компьютердик жайынын башчысы Константин Трубицындын маалыматына караганда, уурулар алып кеткен компьютердик дисктерде жашыруун маалыматтар болгон эмес. Кол салуу кандай максат менен жасалгандыгы али белгисиз. Азыр ишти Ош шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Болот Төлөнов өзү иликтей баштады.

XS
SM
MD
LG