Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

Ф.Куловду бошотуу боюнча республикалык штаб түзүлүшү ыктымал


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынынын лидери Турсунбек Акун “Ф. Куловду бошотуу боюнча республикалык штаб түзүлөт” деп билдирди. Ал ошондой эле: «Феликс Куловду бошотуу талабы менен кошо «Кумтөрдүн» сатылышына, премьер-министрдин 102 миң доллар үстөксүз насыя алуусуна, Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушуна каршылык билдирүү максатында 25-февралда Бишкектеги «Алатоо» аянтында митинг өткөрөбүз. Митинг өткөрүүгө уруксат сурап Биринчи Май райондук акимчиликке жакын арада кайрылабыз», - деп билдирди. Т. Акундун айтымында Феликс Куловду бошотуу боюнча түзүлчү республикалык штаб «Арнамыс» партиясынын лидерин абактан чыгарууну талап кылат. Эгер ал талап аткарылбаса нааразылык акцияларын уюштурулмакчы.

XS
SM
MD
LG