Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Ф.Кулов жайында боштондукка чыгышы ыктымал


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Кулов ушул жылдын июнь айынын башында боштондукка чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Феликс Кулов эларалык Хельсинки федерациясынын вице-президенти Ульрих Фишер менен 2-февралда жолугушканда билдирди. Мындай маалымат жолугушууга катышкан “Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиевадан бүгүн алынды. Феликс Куловдун июнь айынын башында эркиндикке чыгуусуна мыйзам негиз бере тургандыгын депутат Өмүрбек Текебаев да ырастады. Анын оюна караганда, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде «абакта жаткан ар бир күн эки күн деп эсептелет» деп жазылган. Ага ылайык Ф. Куловдун шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгууга укугу бар. Ушундай эсептин негизинде Ф. Кулов түрмөдө отурууга берилген мөөнөттүн үчтөн экисин актады. Түрмөнүн ички тартиптерин бузбагандыктан, катардагы бардык айыпкерлерге карата колдонулган бул жобонун негизинде Куловго боштондук берилиши керек. «Эгер Куловго карата бул жобо колдонулбаса, анда бул анын саясий негизде камалгандыгынын далили болот», - деп кошумчалады Өмүрбек Текебаев.

XS
SM
MD
LG