Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:15

ИШКЕРЛЕРДИН КӨЙГӨЙҮ ДАГЫ ЭЛЕ КӨП


Сапар Орозбаков, Бишкек Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жай жана ишкерлик комитети менен Бизнес ассоциациялар конгресси биригип, 4–февралда «Кыргыз Республикасында ишкерликти мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү» деген аталышта “тегерек стол” талкуусун өткөрдү. Ага өкмөттүн жооптуу адамдары, депутаттар жана ишкерлердин өкүлдөрү катышты. Талкууда административдик тоскоолдуктар, салык жана ишкерликти каржылоо сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

“Тегерек столдо” доклад жасаган Президенттин чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын менеджери Нуритдин Жаманкуловдун айтымында, административдик тоскоолдуктар дагы эле ишкерлердин өнүгүшүнө жолто болуп жаткан негизги фактор:

-Административдик тоскоолдуктардын болушу өндүрүштүк чыгымдарга таасир берет. Ага байланыштуу чыгымдар товардын өздүк наркынын 20% түзөт. Бул оңбогодой көп сумма.

Нуритдин Жаманкулов Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө таянып айтканына караганда, бир эле маанидеги уруксат кагазды бир нече министрлик же админстративдик орган берет. Тактап айтканда, алар өзүлөрүнүн жоболоруна ошентип жазып алышкан. Адатта, алар аны кызмат деп эсептешип, ишкерлерден акча жыйнашат.
Депутат Жаныш Рүстөмбековдун айтуусунда, ал атайын каражаттар ишкерликти өнүктүрүүгө эмес, мамлекеттик кызматкерлердин баскан-турганына кетет:

- Ар бир министрлик кандайдыр бир илинчек издеп, атайын каражат чогултат. Карап көргүлөчү, алар кандай машине минип жүрүшөт, канча акчаны командировкага чачып жатышат.

Бирок өкмөттүн жооптуу адамдары ушул негиз менен эле атайын каражаттарга таптакыр тыюу салып коюу жарабай тургандыгын айтышты.

- Бул - татаал маселе. Бул жерде атайын каражатты көп алган министрликтердин өкүлдөрү отурушат. Атайын каражатка тыюу салсак, министрликтердин иши токтоп калат, – деди Каржы министринин орун басары Мурат Исмаилов.

Нуритдин Жаманкуловдун айтуусу боюнча, азыр ишкерликти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясы даярдалып жатат. Анда административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча бир топ иш-чара каралган. Ишкерлердин айтымында, мамлекеттик органдар жалаң гана атайын каражат чогултпастан, өз эркиңер менен акча бергиле деп ар кандай фонддорду да түзүшөт:

- Биз мамлекеттик органдарга кандай түрдө болбосун фонд түзүүгө тыюу салышыбыз керек. Анткени мамлекеттик орган «союл» болуп атат, - дейт Бизнес ассоциациялар конгрессинин төрагасы Эмил Үмөталиев.

Жеке ишкерлер комитетинин төрагасы Кубанычбек Тезекбаев болсо чакан ишкерлер үчүн салык оор болуп жаткандыгын айтты. Аны Жаныш Рустөмбеков да колдоду:

- Тилекке каршы, «Бета сторес» өндүү ири пайдалуу ишканалардын баары коррупцияланган ишканалар. Алардын баарынын калканычы бар. Алар салык төлөшпөйт. Салык жүгүн майда ишканалар көтөрүп жатышат.

Каржы министрлигинин алдындагы кирешелер комитетинин төрагасы Адылбек Касымалиев муну четке какты. Ал салыкты негизинен ири ишканалар төлөп жатышканын, майда ишканалар, тескерисинче, эсеп жүргүзбөй, кирешенин көбүн жашырарын билдирди. Өкмөттүн жооптуу адамдары жаңы Салык кодекси даярдалып жаткандыгын айтышып, ал кабыл алынса ишкерлер үчүн жеңил болот деп ишендиришти. Бирок Салык боюнча кеңешчилер палатасынын төрагасы Ирина Кэмпл жаңы Салык кодекси жеңилдик берерине ишенбестигин билдирди. Ишкерлер комитетинин төрагасы Кубанычбек Тезекбаев болсо кредит маселесин козгоду. Анын айтымында, кредиттер кыска мөөнөткө берилип, үстөк пайызы өтө эле жогору:

- Кыргызстанда жеке ишкерлерди финансылык жактан колдой турган органдар жок. Кредит берип жаткандыгы үчүн биз бир чети «Финкага» ыраазыбыз. Бирок, андан кредит алгандар банкрот болушуп, үй-жайынан ажырап калып, башка мамлекеттерге кетип жатышат.
XS
SM
MD
LG