Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

Иранда бүгүн жогорку диний лидердин билдирүүсү жарыяланат


Өкмөттүн өкүлү Абдолла Рамезанзаде ырастагандай, аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү шайлоо кризисине байланыштуу өзүнүн акыркы амирин айтмакчы. Кечээ Хаменеи 20-февралга белгиленген шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт деп чечкен эле. Көзөмөл кеңеши сегиз миңдей талапкердин 2 миңден ашуунун депутаттык мандат үчүн күрөшүү укугунан ажыратып салган эле. Буга нааразылык билдирип, парламенттин азыркы жүздөй мүчөсү мандатынан баш тартышты. Реформачыл кандидаттар менен коомдук күчтөр шайлоого байкот жарыялоого чакырууда. Хаменеинин бүгүнкү билдирүүсүндө позитивдүү чечимдер айтылышы мүмкүн,деп билдирди өкмөттүн өкүлү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG