Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ, ЭРТЕЛЕП БАШТАЛГАН ШАЙЛОО ДАЯРДЫГЫ, КУМТӨРДҮН АЛТЫНЫ


Кыргызстанда жүздөн ашуун алтын кени бар. Алардын жалпы запасы 1000 тоннаны түзөт. Анын 700 тоннасы “Кумтөр” алтын кенине тиешелүү. Алтын казып алчу канадалык компания салыктан бошотулган. Алтын темасынын айланасындагы талаштын токтолбой келатканына бейшембидеги “МСН” гезити токтолду. Ошондой эле кыргыз басылмаларында мамлекеттик тил мыйзамы, эмдиги жылы өтчү шайлоо даярдыгы тууралуу макалалар арбын жарыяланууда.

“Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы аркыл кептер канадалык компания кайра түзүлгөндөн тарта күчөдү. Бейшембидеги “МСН” гезитинде жарыяланган маегинде парламент депутаты Орозбек Дүйшеев: «Канадалык компаниянын салыктан толук бошотулганы негизги келишимге кол койгондордун чоң жаңылышытыгы болгон», - деп эсептейт. Алтын кен долбоорун ишке киргизүүгө жумшалган 452 миллион доллардын 100 миллионун кыргыз өкмөтү азырынча төлөй элек. Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Кыргызстандагы коррупциянын ири масштабга чыгышы Кумтөр алтын кенинен башталган.

Коррупция, экономикалык кылмыш темасына ушул эле гезитте жарыяланган маегинде “Арнамыс” партия жетекчиси Феликс Кулов токтолгон. Анын оюнча, коррупцияга каршы күрөш көбүнесе кожокөрсүнгө гана жүрүүдө. «Мамлекеттик казынага колун аянбай салгандардын көбү мыйзам жоопкерчилигине тартылбайт. Сот системасын реформалабай коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүш мүмкүн эмес», - дейт Ф.Кулов.

2005-жылкы шайлоого эмитен даярдык көрүлүп, партиялар биригип, шайлоо блогуна кошулуп, аракет күчөп баратканына “Вечерний Бишкек” гезити бейшембидеги номурунда токтолгон. Журналист Данияр Каримовдун пикиринде, президентикке жетиш амалында башында кыл келишпес саясий багыттагы күчтөр ымалага келип, коммунисттер менен либералдар ынтымакташып жатышат.

Кыргыз темир жол башкармалыгы Казакстандан эски темир жол төшөөчтөрүн чоң акчага сатып алып, Кыргызстанда чыгарылган жаңы бетон төшөөчтөргө акча жогун айтып сатып албай жатканын журналист Любовь Борисенко жазды.

Кыргызстандан барып Орусияда иштеп, соода кылып жүргөн атуулдардын көпчүлүгү миграция картасын алууга кызыкпастыгы, аларды мыйзамдык негизде жумушка алып иштетүүгө орусиялык ишкерлер көңүлсүнбөстүгү тууралуу “Алыскы өлкөдөн эмнени табасың” деген макалада кеп болот.

Жума күнкү “Аалам” гезитинде мамлекеттик тил мыйзамына арналган материалдар жарыяланууда. Аны басылманын редкеңеш мүчөсү Кадыр Кошалиев айтып бермекчи.

- “Аалам” гезитинин жаңы санында кыргыз тилинин тагдырына байланышкан материалдар жарыяланууда. Анын башында депутаттар Жангороз Каныметовдун, Адахан Мадумаровдун, Бектур Асановдун, Кубатбек Байболовдун пикирлери бар. Буга чейин да тилди өнүктүрүү кыймыл мүчөлөрүнүн саны 20 миң 200 адамга жеткени тууралуу маалымат, ошондой эле мүчөлүккө өткөндөрдүн тизмеси такай маалымат каражаттарында жарыяланып келген. Бул ирет да ошол тизме жарыяланууда.

“Кыргыз руху” гезитинде жарыяланчу материалдар жайында басылманын башкы редактор орунбасары Калил Жагырчиев баяндайт.

- Газетанын эртеңки санында Феликс Куловдун түрмөдөн берген маеги жарыяланмакчы. “Кыргызгаз” акционердик коому менен парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын ортосундагы чыр тууралуу макала “Чактүш” рубрикасынын алдында эмки келчү шайлоого саясий күчтөр, партиялар кандай даярданып жатышканы, саясий блок, бирикмелердин аракети тууралуу аналитикалык макала басууга даярдалууда. Анда азыркы бийликке талпынгандардын кимиси кандай реалдуу күчкөө ээ экендиги тууралуу кеп болот. Токмоктогу кыргыз-кытай кагаз чыгаруучу биргелешкен ишкана тууралуу сын материал да басууга даярдалууда.

“Бишкек таймс” гезитинин жооптуу катчысы Базарбай Гапаров басылманын жума күнкү санында жарыяланчу материалдар менен тааныштырат.

- Басылманын жаңы санында “Бишкек таймстын” саясий рейтингинин жыйынтыгы жарыяланууда. Парламентте баңгизатка каршы күрөш комиссиясынын ыйгарым укугун кеңейтүү тууралуу мыйзамдын талкуусун баяндаган макала, төкмө акындардын айтышынын жеңүүчүлөрүнө ыйгарылчу Жеңижок алтын медалы тууралуу “Айтыш” коомунун президенти Садык Шер-Нияздын маеги басууга даярдалууда.
XS
SM
MD
LG